00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Отдельный разведывательно-штурмовой отряд Клуни в Курской области - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.02.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россия ДЭР, ЛЭРдин эркиндигин тааныды. 24-февралда Путин Донбасста атайын операция башталганын жарыялады. РФ Коргоо министрлиги Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик инфратүзүмү, аэродромдору, абадан коргонуу объектилери талкалангандыгын кабарлаган.

Украинада колго түшкөн британиялыктар Сирияда согушкан. Туткун офицердин маалыматы

© Sputnik / Геннадий Дубовой / Медиабанкка өтүүТуткунга алынган Украинанын аскерлери
Туткунга алынган Украинанын аскерлери - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Жазылуу
Колго түшкөн командир англис тилдүү эки киши, тагыраагы, жалданма аскерлер менен кантип иштешкендигин айтып берди.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Улуу Британиянын Мариуполдогу аскердик аракеттерге Украина тараптан катышып, колго түшкөн эки жараны мурда Сирияда (Британ армиясынын катарында эмес) согушкан. Бул тууралуу РИА Новости Украина күчтөрүнүн деңиз аскер батальонундагы десанттык-штурмалоочу взводунун өз ыктыяры менен куралын тапшырып берген командири Сергей Старчукка шилтеме кылып жазды.
"Мен батальондо ротага келген учурда алар (британиялыктар — ред.) кызмат өтөп жүрүшүптүр. 2019-жылдын аягында рота командири аларды менин взводума которууну чечти, себеби мен англис тилин бир аз билчүмүн... Алар кадимки эле матростордой келишим түздү", — деди Старчук.
Анын айтымында, Эйден Аслиндин согуштук тажрыйбасы бир топ эле болчу.
"Сирияда согушканын айтып калчу. Ким тарапта болгондугун билбейм, бирок Улуу Британиянын аймагына кайтып барууга болбойт деген. Себеби ал аталган мамлекеттин куралдуу күчтөрүнүн катарында эмес экен. Ал эми мындай нерсе аларда экстремизмби же террорчулукпу, кандай эсептелерин билбейт экенмин. Шон Пиннер да Сирияда болуптур, аныкы да ушундай эле абал. Эгерде алардын келишими аягына чыгып, Украина жарандыгын алса, балким, украиндик катары кайтып барышы мүмкүн", — деген Старчук.
Британиялык Шон Пиннер менен Эйден Аслин Украинада апрелдин ортосунда колго түшкөн.
"Украинага келген жалданма аскерлер комбатанттар экен, аларды узак мөөнөткө созулган абак күтөт", — деген РФтин расмий өкүлү, генерал-майор Игорь Конашенков.
Ал эл аралык жалданма аскерлер эл аралык гуманитардык укук боюнча "комбатант" статусун албагандыгын белгилеген. Кийинчерээк Пиннер "Россия 1" телеканалынын эфиринде ал жана Аслин премьер-министр Борис Жонсонго аларды Украинадагы оппозициячыл Виктор Медведчукка алмашуусуна көмөк көрсөтүүнү суранып, кайрылган.
Россия Украинадагы атайын операциясын 2022-жылдын 24-февралында баштаган. Президент Владимир Путин ал "Киев режими тарабынан сегиз жыл бою кордолуп-мазакталып, геноцидге кабылгандарды коргоо" максатын көздөйт деген. Өлкө башчынын айтымында, Донбасстагы "тынч жашоочуларга жасаган кандуу кылмыштары" үчүн "Украинаны демилитаризация жана денацификациялап", аскер кылмышкерлерин сотко бериш керек.
РФтин Коргоо министрлиги билдирүү жасап, Куралдуу күчтөр соккуну аскердик инфраструктура жана аскердик күчтөргө уруп жаткандыгын, 25-мартта негизги тапшырманын биринчи этабын аткаргандыгын, тагыраагы, Украинанын согуштук мүмкүнчүлүгүн азайткандыгын билдирген. Алар башкы максат Донбассты бошотуу экендигин айтышкан эле.
Россиялык аскер - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2022
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиялык дипломат БУУ жыйынында Украинаны денацификациялоо аягына чыгарын айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0