00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Музыкант Викрам Рузахуновду кыйноо фактысы боюнча тергөө токтотулду

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов. Архив
Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахунов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.05.2022
Жазылуу
Джаз музыканты Викрам Рузахуновго байланышкан окуя кыргызстандыктардын нааразычылыгын жараткан. Казакстандын Бишкектеги элчилигинин имаратынын алдында митинг да өтүп, министрлик казак элчисине нота тапшырган.
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун Казакстанда кыйноого кабылышына байланышкан иликтөө иши токтотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысына музыканттын адвокаты билдирди.
Алматыда Рузахуновдун кызыкчылыгын адвокаттар Рена Керимова жана Елена Жигаленок коргоп жатат.
"Рузахунов бул жакка келип көрсөтмө берүүдөн баш тартууда, анткени чагымчылыкка кабылуудан, ошондой эле өмүрү менен ден соолугунан кооптонот. Биздин укук коргоо органдарына бул жагдай майдай эле жакты, анткени жабырлануучу өзү катышпаса иликтөөнү толук жүргүзүүгө мүмкүн эмес да. Апрель айында сырттан сурак уюштуруу боюнча арыз жазып, ыкчам тергөө тобунун мүчөлөрүнүн бири Бишкекке барып Викрамдан көрсөтмө алуусун сурандым, бирок макул болбой коюшту", — деген Керимова orda.kz. басылмасына.
Маалыматка ылайык, жабырлануучу тараптан эч кандай көрсөтмө болбогондуктан аталган иш боюнча тергөө убактылуу токтотулган. Бирок шектүүлөрдүн өздүгү жана кылмыштын бардык жагдайлары такталууда.
"Учурда Казакстандын Башкы прокуратурасы кыргыз кесиптештери менен сүйлөшүп, Рузахуновдун Алматыга барып тергөө ишине катышуусун уюштуруу боюнча макулдашып жатышат. Бул жактан ага кайтаруу жана коргоо кепилдиги берилет, ошентсе да ал кооптонуп жатат", — деди адвокат.

Кыргызстандык музыканттын кармалышы

Казакстандын Qazaqstan мамлекеттик телеканалы 9-январда митингдерге катышуу үчүн Кыргызстандан барды делген жарандын сурак берип жаткан видеосун жарыялаган. Ал белгисиз адамдар митингдерге катышуу үчүн 90 миң теңге сунуштап чакырып, самолётко билетин алып берип, батирге жайгаштырганын билдирген.
Көп өтпөй Кыргызстандын ИИМи аталган жаран музыкант Викрам Рузахунов экенин аныктап, анын Алматыга концерт койгону барганын маалымдады.
Ошол эле учурда кыргызстандыктар музыкантты террорчу катары көрсөткөнүнө нааразы болуп, аны бошотуу талабы менен Казакстандын Бишкектеги элчилигинин алдына митингге чыккан. Алар менен УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жолугуп, мекендештин укугу корголорун убадалаган.
Кийинчерээк ТИМ Рузахуновду бошотуу талабы менен Казакстанга нота тапшырган.
Андан кийин Казакстандын мамлекеттик телеканалдары Рузахуновго байланышкан видеолорун өчүргөн.
Ал арада Юстиция министрлиги кыргыз жаранынын кыйноого кабылганын болжоп, Казакстандын күч түзүмдөрүнө кылмыш ишин козгоону Башкы прокуратурага демилгелеген.
Камкатагы адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.02.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
Дагы бир кыргызстандык Казакстанда негизсиз камалганы кабарланды
Жаңылыктар түрмөгү
0