00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Открытие редакционного центра Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920, 20.12.2021
Пресс-борбор

Салымбеков: "Дордойдун" бизнесмендери башка өлкөдөгү ишкерлерге караганда күчтүү

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Дордой" ассоциациясынын ардактуу төрагасы Аскар Салымбеков
Дордой ассоциациясынын ардактуу төрагасы Аскар Салымбеков - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Эгер Казакстан жана Россия менен чек ара ачыла турган болсо, "Дордойдун" 30 жылдык тажрыйбасы бар ишкерлери башка өлкөнүн бизнесмендерин артка калтырат.
БИШКЕК, 24-май — Sputnik. 30 жыл аралыгында "Дордойдун" ишкерлери башка мамлекеттердеги бизнесмендерди артка таштай турчу кыйла тажрыйба топтоду. Бул тууралуу "Дордой" ассоциациясынын ардактуу төрагасы Аскар Салымбеков айтты.
Ал Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн "Дүйнө экономикасынын кайра түзүлүп жаткан фонунда "Дордойдун" экинчи жашоосу башталабы" аттуу брифингде сүйлөгөн.
Бизнесмендин айтымында, "Дордой" базарына пандемия жана андан кийинки соода-экономикалык байланыштардын чектелиши катуу тоскоол болду. Салымбеков бул өтө оор учур болгонун белгилеп, айрым коңшу мамлекеттердин жетекчилиги абалдан пайдаланып чек арасын жаап жатканына токтолду.
"Өзгөчө "Хоргосту" (Казакстан менен Кытайдын чегиндеги соода комплекси) көзөмөлдөгөндөр бардык товар Казакстандан өтүшү үчүн аябай аракет кылышты. Ал эми биздин Эркеч-Там менен Торугарт аркылуу өтчү жолубуз буулуп, чектөөлөр бир топ сезилерлик эле болду. "Хоргос" темир жолдон улам артыкчылыкка ээ эле", — деди Салымбеков.
Ал эгер Казакстан жана Россия менен чек ара ачыла турган болсо, "Дордойдун" 30 жылдык тажрыйбасы бар ишкерлери башка өлкөнүн бизнесмендерин артка калтырарын белгиледи.
"Алар ("Дордойдун" ишкерлери — ред.) өтө олуттуу атаандаштар, көп киши кооптонуп турат. Чектөө, чек араны жабуу менен "Дордойду" алсыратууну көздөп жатышат. Бирок буга карабай ишкерлер жолун таап кетишүүдө", — деди Салымбеков.
Бизнесмен чек арадан өтүү маселесине да токтолду.
"ЕАЭБдин чек арасы ачык болушу зарыл. Чек ара деген болбошу керек", — деп Шенген аймагын мисал келтирди.
Салымбеков чек арадан "текшерүү, тинтүү" болуп жатканын айтып, эки өлкөнүн жетекчилиги мунасага келе албай жатканына таң калды.
Дордой базарындагы ишкерлер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Пресс-борбор
Салымбеков өлкөнүн ЕАЭБге мүчөлүгү "Дордойго" кандай таасир эткенин айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0