00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Мигранттардын түйшүгүн жеңилдеткен электрондук система ишке кирди. Чоо-жайы

© AP Photo / Alexander ZemlianichenkoМигранттар Москвада катталуу үчүн кезекте турушат. Архив
Мигранттар Москвада катталуу үчүн кезекте турушат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Жазылуу
Чет өлкөдө иштеп жүргөн мигранттарды аралыктан тейлөөгө багытталган автоматташтырылган маалыматтык система иштелип чыкты.
Долбоордо үч багыт боюнча кызмат көрсөтүүлөр камтылган — мигранттардын балдарын каттоо, жумушка орношууга табыштама жиберүү, "Жүк-200дү" мекенине алып келүү чыгымын төлөөгө арыз калтыруу.
Жарандар системаны Migrant.kg сайтынын "Мамкызматтар" бөлүмү аркылуу кирип пайдалана алышат. Анда жеке маалыматтар камтылгандыктан электрондук кол тамга менен катталуу шарт. Жумуш издегендер каттоодон өтпөй да анкета толтурса болот. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин алдындагы Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев маалымат жыйында билдирди.

Жумушка орноштуруу

Алыбаевдин айтымында, Кыргызстандын жарандары кайсы өлкөдө жүрбөсүн, электрондук түрдө мамлекеттик тейлөө кызматын пайдаланууга мүмкүнчүлүк түзүлдү.
© Sputnik / Асель СыдыковаЗаместитель директора Центра трудоустройства граждан при Минтруде КР Алмаз Алыбаев
Заместитель директора Центра трудоустройства граждан при Минтруде КР Алмаз Алыбаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
"Бул система чет өлкөдө жумушка орношуу процессин жеңилдетти. Эми кагаз түрүндө документ толтуруу токтотулат. Биздин борбордо Түркия, Россия, Казакстан, БАЭ, Корея, Англия жана Германияга жумушка орноштуруу программалары бар. Чет өлкөдө иш таап берүү менен алектенген жеке компаниялар дагы канча жаранды жөнөткөнү тууралуу маалыматты ушул базага киргизүүгө милдеттендирилет. Бул мигранттардын так санын аныктоого жана укуктарын коргоого шарт түзөт", — деди Алыбаев.
Ошондой эле ал келечекте долбоорду ЕАЭБдин "Чек арасыз жумуш" системасына дагы кошуу пландалып жатканын белгиледи.

Мигранттардын балдарын эсепке алуу

Алыбаев буга чейин мигранттардын балдары боюнча бирдиктүү система болбогонун белгиледи. Ар бир облуста өз алдынча жумуш жүрүп келген.
"Ар бир айыл өкмөттөгү социалдык кызматкер ата-энеси миграцияда жүргөн балдарды маалыматтык базага киргизет. Үймө-үй кыдырып баарын каттоого алат. Натыйжада Кыргызстан боюнча бирдиктүү база түзүлөт. Азыр канча мигрант бар, алардын балдары канча деген маселе актуалдуу болуп жатпайбы", — деди Алыбаев.
Бул статистиканы чогултуу гана эмес мигранттардын балдарынын коопсуздугун камсыздоого мүмкүнчүлүк бермекчи.

Мигранттын сөөгүн мекенине алып келүү

Учурда кыргыз өкмөтү чет өлкөдө каза болгон кыргызстандыктардын сөөгүн алып келүү чыгымын төлөп берет. Анын суммасы географиялык абалына жараша 70 миң сомдон жогору.
"Бул системанын жардамы менен маркумдун туугандары убактысын кетирбей электрондук түрдө арыз жаза алышат. Андан соң нотариалдык жактан өлгөндүгү тууралуу маалым катты элчилик, консулдуктарга алып келсе каражат которулат", — деди адис.
Маркумдун туугандары бул төлөмдү Кыргызстандын аймагында ТИМдин алдындагы Тышкы миграция департаментинен же чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнөн ала алат.
Долбоорду Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги ЮНИСЕФ-Кыргызстан жана Миграция боюнча эл аралык уюм менен биргеликте ишке ашырды.
Жүк-200 жеткирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.05.2022
Россиянын айрым шаарларынан Кыргызстанга "Жүк-200" акысыз жеткирилет. Тизме
Жаңылыктар түрмөгү
0