https://sputnik.kg/20220601/eaehb-zharandarynyn-diplomu-uyumda-taanylat-1064859533.html
Өмүрбекова: ЕАЭБ жарандары мүчө өлкөлөрдө ишке орношууда укугу бирдей
Өмүрбекова: ЕАЭБ жарандары мүчө өлкөлөрдө ишке орношууда укугу бирдей
Sputnik Кыргызстан
ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова ЕАЭБ ичинде өлкө жарандарынын билими тууралуу дипломдор тааныла... 01.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-01T11:09+0600
2022-06-01T11:09+0600
2022-06-01T11:09+0600
радио
евразиялык экономикалык биримдик
мигранттар
мыйзам
алтынай өмүрбекова
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051317605_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_185f7b0c664a0c1a2ceebb60970b54e6.jpg
Өмүрбекова: ЕАЭБ жарандары мүчө өлкөлөрдө ишке орношууда укугу бирдей
Sputnik Кыргызстан
Өмүрбекова: ЕАЭБ жарандары мүчө өлкөлөрдө ишке орношууда укугу бирдей
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарынын жумушка орношуу укугу бирдей. Башкача айтканда, Россия Федерациясына иштөө үчүн барган кыргызстандыктын ошол өлкөнүн жаранындай эле укук, милдеттери бар. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, учурда биримдик ичинде эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүн медициналык камсыздандыруу маселеси каралып жатат.Ал федерациянын бул эки мыйзамын аткарууда ЕАЭБ мамлекеттерине жеңилдиктер берилгенин, бирок булар жетишсиз экенин кошумчалады.Эске салсак, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу" жана "Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү" федералдык мыйзамдары күчүнө кирген. Ага ылайык, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды ЕАЭБге мүчө мамлекет жарандары үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей негизде аткаруусу шарт.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051317605_338:0:3067:2047_1920x0_80_0_0_7ab9ec1770c23f4be0e380f8526a174a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
евразиялык экономикалык биримдик, мигранттар, мыйзам, алтынай өмүрбекова, аудио
евразиялык экономикалык биримдик, мигранттар, мыйзам, алтынай өмүрбекова, аудио
Өмүрбекова: ЕАЭБ жарандары мүчө өлкөлөрдө ишке орношууда укугу бирдей
ЕЭКтин Эмгек миграциясы жана социалдык коргоо департаментинин директору Алтынай Өмүрбекова ЕАЭБ ичинде өлкө жарандарынын билими тууралуу дипломдор тааныла турганын айтты.
Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө мамлекеттердин жарандарынын жумушка орношуу укугу бирдей. Башкача айтканда, Россия Федерациясына иштөө үчүн барган кыргызстандыктын ошол өлкөнүн жаранындай эле укук, милдеттери бар. Бул тууралуу Алтынай Өмүрбекова
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда биримдик ичинде эмгек мигранттарынын үй-бүлөсүн медициналык камсыздандыруу маселеси каралып жатат.
"ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн жарандары үчүнчү мамлекеттерден келгендерге салыштырмалуу бир топ эле жеңилдиктерге ээ. Уюм ичиндеги беш мамлекетте ишке орношууда баарынын укугу бирдей. Мейли ал ошол өлкөнүн жараны болсун же биримдиктин алкагындагы беш өлкөнүн биринен келсин, иш берүүчү үчүн айырмасы жок. Мындай мүмкүнчүлүк Өзбекстан же Тажикстандын жарандарында жок. Ал эми 2021-жылдын декабрь айынан тарта киргизилген Россия Федерациясынын өзүнүн эки мыйзамына ылайык ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин жарандары да бармак изин тапшырышат жана тиешелүү документтерди чогултушат. Ооба, миграция маселеси бул ар бир өлкөнүн улуттук иши, бирок жогоруда көрсөтүлгөндөй айрым пунктуларына ЕАЭБ мамлекеттери үчүн өзгөртүү киргизүү керек. Биз бул багытта иштеп жатабыз", — деди Өмүрбекова.
Ал федерациянын бул эки мыйзамын аткарууда ЕАЭБ мамлекеттерине жеңилдиктер берилгенин, бирок булар жетишсиз экенин кошумчалады.
Эске салсак, 2021-жылдын 29-декабрынан тарта "Россия Федерациясындагы чет элдик жарандардын укуктук жобосу" жана "Россия Федерациясында мамлекеттик дактилоскопиялык каттоодон өтүү" федералдык мыйзамдары күчүнө кирген. Ага ылайык, мыйзамда көрсөтүлгөн талаптарды ЕАЭБге мүчө мамлекет жарандары үчүнчү өлкөлөрдүн жарандары менен бирдей негизде аткаруусу шарт.