https://sputnik.kg/20220604/maymyl-chechegi-28-olkodon-800go-chukul-adamdan-chykty-1064956790.html
Маймыл чечеги: 28 өлкөдөн 800гө чукул адамдан чыкты. Кайсы аймакта көп
Маймыл чечеги: 28 өлкөдөн 800гө чукул адамдан чыкты. Кайсы аймакта көп
Sputnik Кыргызстан
Жаңы оору көп кездешкен өлкөдө тумоологондордун саны 207ге чукулдаган. Европанын эки мамлекетинде 156 жана 138 бейтап катталды. 04.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-04T18:22+0600
2022-06-04T18:22+0600
2022-06-04T18:22+0600
дүйнөдө
акш
улуу британия
испания
португалия
маймыл чечеги
https://sputnik.kg/img/07e6/05/15/1064576148_0:0:3000:1688_1920x0_80_0_0_ad2c7c90536b565c750ddd338182f64e.jpg
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Дүйнөнүн 28 мамлекетинде маймыл чечегин жуктурган 800 учур катталганын АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча (CDC) борборунан кабарлашкан.Борбордун сайтында интерактивдүү карта жайгаштырылып, анын негизинде оорунун дүйнө боюнча тараган жерлери расмий көрсөтүлгөн.Андагы маалыматтарга таянсак, 28 мамлекеттен 790 учур катталган. Илдетке чалдыккандардын эң көбү Улуу Британияда (207 бейтап), Испанияда (156) жана Португалияда (138) экени маалым болду. АКШ сегизинчи орунда (20) болсо, анын алдына Канада, Германия, Нидерланд жана Франция чыккан.Дүйнөдө маймыл чечегинен адам көз жумган учур Нигерияда катталган.Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.
https://sputnik.kg/20220527/maymyl-chechegi-bashtalgan-nigeriyada-akshnyn-biolaboratoriyalary-bar-1064763555.html
акш
улуу британия
испания
португалия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/05/15/1064576148_203:0:2831:1971_1920x0_80_0_0_ddb99e532238367280476d9292c7fc2c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, улуу британия, испания, португалия, маймыл чечеги
дүйнөдө, акш, улуу британия, испания, португалия, маймыл чечеги
Маймыл чечеги: 28 өлкөдөн 800гө чукул адамдан чыкты. Кайсы аймакта көп
Жаңы оору көп кездешкен өлкөдө тумоологондордун саны 207ге чукулдаган. Европанын эки мамлекетинде 156 жана 138 бейтап катталды.
БИШКЕК, 4-июн. — Sputnik. Дүйнөнүн 28 мамлекетинде маймыл чечегин жуктурган 800 учур катталганын АКШнын Ооруну көзөмөлдөө жана алдын алуу боюнча (CDC) борборунан
кабарлашкан. Борбордун сайтында интерактивдүү карта жайгаштырылып, анын негизинде оорунун дүйнө боюнча тараган жерлери расмий көрсөтүлгөн.
Андагы маалыматтарга таянсак, 28 мамлекеттен 790 учур катталган. Илдетке чалдыккандардын эң көбү Улуу Британияда (207 бейтап), Испанияда (156) жана Португалияда (138) экени маалым болду. АКШ сегизинчи орунда (20) болсо, анын алдына Канада, Германия, Нидерланд жана Франция чыккан.
Дүйнөдө маймыл чечегинен адам көз жумган учур Нигерияда
катталган.Маймыл чечеги – сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.