Эшенгулов: Ак-Суу деген жер аттары таза суу дегенди эле түшүндүрөт
© Sputnik / Табылды КадырбековТопонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив
![Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.06.2022](https://sputnik.kg/img/104728/12/1047281200_0:651:2047:1802_1920x0_80_0_0_4aaf2ee50acec2f97f0e52488d61482a.jpg)
Жазылуу
Топонимист, картограф Темиркул Эшенгулов Ак-Суу деген жер аталышын чечмелеп берди.
Ак-Суу деген таза суу, ичкенге боло турган суу аккан жер дегенди түшүндүрөт. Бул тууралуу Темиркул Эшенгулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Эшенгулов: Ак-Суу деген жер аттары таза суу дегенди эле түшүндүрөт
Анын айтымында, өлкө боюнча эң көп кездешкен топонимикалык термин Ак-Суу болуп эсептелет.
"Кайсы бир өрөөндө таза, ичкенге боло турган, мөңгүнүн суусу аккан жер болсо, ата-бабаларыбыз ал аймакка Ак-Суу деп ат ыйгарган. Кыргызстан мөңгүгө бай, сууга мол өлкө болгондуктан мындай аталыш республикада абдан көп кездешет. Мисалы, Ысык-Көлдө Түргөн Ак-Суу деген суу бар. Ал ушундай ичкенге жараган таза суу болгону менен абдан шар агат. Ал эми "түргөн" моңголчодон которгондо "шар" дегенди түшүндүрөт. Кыргызда жер-суу аталыштары жөн гана ошол аймактын географиялык абалын гана сүрөттөбөстөн, мына ушинтип башка көчмөндөргө жердин же суунун кооптуулугун эскертүү, белги берүү максатын да көздөгөн", — деди Эшенгулов.
Ал ар бир Ак-Суу аталышындагы жердин өзүнө байланышкан легендалары кездешерин кошумчалады.