https://sputnik.kg/20220613/zhyrgalan-kurort-sarkyndy-suu-1065225457.html
"Жыргалаң" курорту жабылышы мүмкүнбү? Көлмөгө саркынды суу куюлган
"Жыргалаң" курорту жабылышы мүмкүнбү? Көлмөгө саркынды суу куюлган
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн соцтармакка Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөгө саркынды суу куюлуп жатканы боюнча видео тараган. 13.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-13T18:55+0600
2022-06-13T18:55+0600
2022-06-13T18:55+0600
кыргызстан
курорт
суу
үлгү
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0d/1065224870_128:0:1152:576_1920x0_80_0_0_011cf69aff213c31808c575cc2a3dd7d.jpg
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөдөн текшерүү жүргүзүү үчүн суунун үлгүсү алынды. Анализдин жыйынтыгына жараша курорттун мындан аркы иш алып барар-барбасы чечилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.Буга чейин Нурмухаммед Асанакун аттуу жаран соцтармакка Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөгө саркынды суу куюлуп жатканын айтып, видео жарыялаган.Министрлик буга чейин алынган үлгүдөн концентраттар тийиштүү көлөмдөн жогору чыкканын белгиледи.
https://sputnik.kg/20220613/buu-katchylyk-kyrgyzstan-koldoo-korsotot-1065175748.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/06/0d/1065224870_256:0:1024:576_1920x0_80_0_0_af9055897cc7e4ed979a35efba27e206.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курорт, суу, үлгү
кыргызстан, курорт, суу, үлгү
"Жыргалаң" курорту жабылышы мүмкүнбү? Көлмөгө саркынды суу куюлган
Бүгүн соцтармакка Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөгө саркынды суу куюлуп жатканы боюнча видео тараган.
БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөдөн текшерүү жүргүзүү үчүн суунун үлгүсү алынды. Анализдин жыйынтыгына жараша курорттун мындан аркы иш алып барар-барбасы чечилет. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги билдирди.
Буга чейин Нурмухаммед Асанакун аттуу жаран соцтармакка Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы "Жыргалаң" курорттук аймагындагы көлмөгө саркынды суу куюлуп жатканын айтып, видео жарыялаган.
"Видео интернетке жарыяланган күнү эле Экологиялык мониторинг департаментинин адистери жерине барып химиялык анализ үчүн суунун үлгүсүн алып кетишкен. Анын жыйынтыгы чыкса жарыяланат жана укук коргоо органдары менен биргеликте "Жыргалаң" курортунун иши боюнча чечим чыгарылат", — деп айтылат маалыматта.
Министрлик буга чейин алынган үлгүдөн концентраттар тийиштүү көлөмдөн жогору чыкканын белгиледи.