https://sputnik.kg/20220620/umut-ehl-aralyk-xix-kinoforumu-1065394869.html
Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды. Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтүүдө
Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды. Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтүүдө
Sputnik Кыргызстан
Маданият министрлиги IFES долбоорлоруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестивал эл аралык макамына ээ болгон. 20.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-20T12:07+0600
2022-06-20T12:07+0600
2022-06-20T13:09+0600
кыргызстан
тасма
фестиваль
маданият
"үмүт" кинофоруму
гүлбара төлөмүшова
геннадий базаров
пресс-борбор
https://sputnik.kg/img/102850/69/1028506945_0:152:6017:3536_1920x0_80_0_0_e4b58219eaed2412d6b3b9e06eeb36d2.jpg
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму өтүп жатат. Бул тууралуу фестивалдын программалык директору, кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.Анын айтымында, алгачкы форум жергиликтүү деңгээлде өтүп, ага кыргызстандыктар гана катышкан. Кийин Маданият министрлиги IFES долбоорлоруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестивал эл аралык макамга ээ болгон.Төлөмүшова иш-чара КР эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракесине арналып жатканын, ал ачылыш аземдин ардактуу коногу болорун белгиледи.Форумдун программасы эки сынакты камтыйт:Эске салсак, форумдун ачылыш жана жабылыш аземи "Ала-Тоо" кинотеатрында жана "Дордой Плаза" соода борборунда 20-23-июнь күндөрү өтөт.Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.
https://sputnik.kg/20220614/chuvashiya-cheboksar-tasma-akyrky-koch-mykty-scenarii-naam-1065231531.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102850/69/1028506945_0:0:5355:4016_1920x0_80_0_0_9e131e4266d26d542087b46b568bbd81.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тасма, фестиваль, маданият, "үмүт" кинофоруму, гүлбара төлөмүшова, геннадий базаров
кыргызстан, тасма, фестиваль, маданият, "үмүт" кинофоруму, гүлбара төлөмүшова, геннадий базаров
Геннадий Базаровдун 80 жылдыгына арналды. Бишкекте эл аралык кинофестиваль өтүүдө
12:07 20.06.2022 (Жаңыртылды: 13:09 20.06.2022) Маданият министрлиги IFES долбоорлоруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестивал эл аралык макамына ээ болгон.
БИШКЕК, 20-июн. — Sputnik. Бишкек шаарында жаш киночулардын "Үмүт" эл аралык XIX кинофоруму өтүп жатат. Бул тууралуу фестивалдын программалык директору, кинотаануучу Гүлбара Төлөмүшова Sputnik Кыргызстан агенттигинин маалымат борборунда өткөн брифингде билдирди.
"19-июндан 23-июнга чейин Бишкекте КМШ өлкөлөрүнүн онунчу "Үмүт" жаш кинематографисттер форуму өтүүдө. Иш-чараны Москвада жайгашкан Мамлекеттер аралык гуманитардык кызматташтык фонду (IFHC) колдоого алган. Бул — постсоветтик өлкөлөр арасында ЮНЕСКО сыяктуу уюм", — деди Төлөмүшова.
Анын айтымында, алгачкы форум жергиликтүү деңгээлде өтүп, ага кыргызстандыктар гана катышкан. Кийин Маданият министрлиги IFES долбоорлоруна катышууну сунуштап, 2016-жылдан тарта кинофестивал эл аралык макамга ээ болгон.
Төлөмүшова иш-чара КР эл артисти Геннадий Базаровдун 80 жылдык мааракесине арналып жатканын, ал ачылыш аземдин ардактуу коногу болорун белгиледи.
Форумдун программасы эки сынакты камтыйт:
улуттук — 16 фильм, дипломдук иштер жана студенттердин эмгектери;
эл аралык — 15 фильм, анын ичинде Армения, Азербайжан, Россия, Тажикстан, Казакстан, Өзбекстан жана Кытай режиссерлорунун тасмалары камтылган.
Эске салсак, форумдун ачылыш жана жабылыш аземи "Ала-Тоо" кинотеатрында жана "Дордой Плаза" соода борборунда 20-23-июнь күндөрү өтөт.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги жана радиосу форумдун расмий медиаөнөктөшү болуп саналат.