https://sputnik.kg/20220626/dssu-majlym-chechegi-boyuncha-abal-oor-1065587142.html
ДССУнун адистери маймыл чечеги боюнча абал өтө оор экенин моюндады
ДССУнун адистери маймыл чечеги боюнча абал өтө оор экенин моюндады
Sputnik Кыргызстан
Жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды. 26.06.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-06-26T14:02+0600
2022-06-26T14:02+0600
2022-06-26T14:02+0600
дүйнөдө
ден соолук
маймыл чечеги
абал
дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
https://sputnik.kg/img/104717/50/1047175022_0:0:2947:1657_1920x0_80_0_0_cb3569087c7d0c07e9fd8467600ea0ca.jpg
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) маймыл чечеги боюнча абал дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоого жетпесе дагы өтө оор экенин моюнга алды. ДССУнун соңку маалыматы боюнча, жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.
https://sputnik.kg/20220624/dssu-majmyl-chechegi-3200-kishiden-anyktaldy-1065525959.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104717/50/1047175022_107:0:2838:2048_1920x0_80_0_0_ee134408e216893c10575d9201d3866e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, ден соолук, маймыл чечеги, абал, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
дүйнөдө, ден соолук, маймыл чечеги, абал, дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму
ДССУнун адистери маймыл чечеги боюнча абал өтө оор экенин моюндады
Жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.
БИШКЕК, 26-июн. — Sputnik. Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (
ДССУ) маймыл чечеги боюнча абал дүйнө жүзүндө өзгөчө кырдаал абалын жарыялоого жетпесе дагы өтө оор экенин моюнга алды.
"Уюмдун өзгөчө кырдаалдар комитетинин бир нече адиси абал өтө оор экенин айтканына карабастан, жалпысынан ДССУнун башкы директоруна ушул этапта эпидемия эл аралык маанидеги өзгөчө кырдаал абалына жете элек деген маалымат берүү чечими кабыл алынды", — деп айтылат билдирүүдө.
ДССУнун соңку маалыматы боюнча, жыл башынан бери маймыл чечеги 48 өлкөдө 3,2 миң кишиден табылды.
Маймыл чечеги — сейрек кездешүүчү вирустук инфекция, ал адамдарга да жугушу мүмкүн. Бул, адатта, жеңил оору болуп саналат жана жуктуруп алгандардын көбү бир нече жуманын ичинде айыгып кетишет. Бирок кээ бири кыйналышы мүмкүн. Адистер маймыл чечегин жыныстык жол менен жугуучу инфекция деп эсептебейт. Анткен менен оорулуу адам менен жакын байланышта болгондор жугузуп алышы мүмкүн. Оорунун алгачкы белгилерине ысытма, баш оору, булчуңдардын оорушу, белдин оорушу, лимфа бездеринин шишип кетиши, чыйрыгуу жана чарчоо кирет. Көбүнчө беттен башталып, дененин башка бөлүктөрүнө исиркектер чыгат.