00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
2 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
2 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Новости науки и новых технологий
20:55
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
54 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ошто сууга чөккөн кыз-жигиттин сөөгү табылды. Окуянын чоо-жайы

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОштогу Ак-Буура дарыясы. Архив
Оштогу Ак-Буура дарыясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 01.07.2022
Жазылуу
Милициянын версиясы боюнча, студент кыз сүйлөшкөн жигитине жолугуу үчүн кечинде чыгып кеткен бойдон келген эмес.
БИШКЕК, 1-июл. — Sputnik. Бүгүн эртең менен саат 9:30 чамасында Ош шаарындагы каналдан 27 жаштагы жигиттин сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынан билдирди.
Маалыматка караганда, Суу чарба башкармалыгы тарабынан Араван — Ак-Буура каналында суу токтотулуп, таңкы саат 5:00дө издөө иштери башталган.
ӨКМден 18 куткаруучу издеп, төрт сааттан кийин, 9:30 чамасында каналдын Набережная көчөсүндөгү аккан жеринен жергиликтүү тургундар тарабынан жигиттин сөөгү табылган. Бул маркум каналга түшкөн жерден үч чакырым алыстыкта болгон. Ал эми автоунаасы Озгур айылында турганы аныкталган.
Ош шаардык милициянын маалыматына ылайык, А. уулу Б. аттуу жигит мындан эки күн мурун 28-июлда Ак-Буура дарыясынын жээгинен сөөгү табылган 19 жаштагы студент кыз менен бир күн мурда чогуу болгондугу божомолдонуп жаткан.
"Кыз Ош мамлекеттик университетинин медицина факультетинде 2-курста окуп жаткан. Сөөккө сырттан кароо жүргүзгөндө жаракаттар байкалган. Соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тергөө иштери башталды. Алдын-ала маалымат боюнча, сөөгү суудан табылган маркумдар кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. 27-июнда кыз түнкү саат 23:00дө өзү жашаган жатаканадан сүйлөшкөн жигитине жолугуу үчүн чыгып кайра келген эмес. Эртеси таңга маал анын сөөгү суудан табылган", — деп билдирди милиция.
Экөө тең Баткен облусунун Кадамжай районунун тургундары экени айтылды.
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.06.2022
Балыкчыдагы пляжда 16 жаштагы кыз чөгүп кетип каза болду
Жаңылыктар түрмөгү
0