Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешовдун өмүр баяны
17:59 05.07.2022 (Жаңыртылды: 18:00 05.07.2022)
© Фото / Алмазбек ОмурзаковНарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов
![Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов Нарын облусунун башчысы Алтынбек Эргешов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.07.2022](https://sputnik.kg/img/07e6/07/05/1065829826_147:240:913:671_1920x0_80_0_0_c74f354e8522d85b7f51618f03bafeff.jpg)
© Фото / Алмазбек Омурзаков
Жазылуу
Эргешов Алтынбек Калдарович 1972-жылдын 29-мартында Ош облусунун Өзгөн шаарында туулган.
Билими:
1998-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университетин бухгалтердик эсеп жана аудит адистиги боюнча аяктаган.
2009-жылы Башкаруу академиясын мамлекеттик башкаруу адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
1996-2004 — Мустафа Кемал Ататүрк атындагы паркта башкы эсепчи, директордун орун басары, директор;
2005 — Президенттин иш башкармалыгынын өндүрүш бөлүмүндө бөлүм башчынын орун басары;
2005-2007 — Президенттин иш башкармалыгындагы өндүрүштү жана курулушту уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2007-2009 — Президенттин иш башкармалыгында мамлекеттик сатып алуулар жана маркетинг бөлүмүнүн башчысынын орун басары;
2009 — президенттин аппаратында президенттин жардамчысы;
2009-2010 — Мамлекеттик кадр кызматында директордун орун басары;
2012 — президенттин аппаратынын мамлекеттик жана аймактык башкаруу жана кадр саясаты бөлүмүндө инспектор;
2012-2016 — өкмөттүн аппаратында уюштуруу-инспектордук иштер жана мониторинг жүргүзүү бөлүмүнүн башчысы — аппарат жетекчинин орун басары;
2016 — уюштуруу-инспектордук иштер жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу бөлүмүнүн башчысы;
2020-2021 — "Мамлекеттик ипотекалык компаниясы" ачык акционердик коомунда директорлор кеңешинин төрагасы;
2021-2022 — президенттин администрациясында президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын башчысы кызматтарын аркалаган.
2022-жыл, 4-июль — президенттин Нарын облусу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү.
Наамы: Мамлекеттик жарандык кызматтын 2-класстагы мамлекеттик кеңешчиси.