https://sputnik.kg/20220815/aktivduu-kymyl-oorulardyn-aldyn-aluu-1066768453.html
Жумасына үч жолку активдүү кыймыл стресстен, нервдик чыңалуудан арылтат
Жумасына үч жолку активдүү кыймыл стресстен, нервдик чыңалуудан арылтат
Sputnik Кыргызстан
Кыймылсыз отура берүү инфаркт, инсультка кептеп, адам өмүрүн кыскартары айтылды. 15.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-15T08:35+0600
2022-08-15T08:35+0600
2022-08-15T08:35+0600
кыргызстан
ден соолук
кыймыл
чуркоо
оору
эскертүү
https://sputnik.kg/img/07e5/06/14/1052934195_0:0:2262:1272_1920x0_80_0_0_833e3b4ae48698e99274803fbb3cf948.jpg
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги активдүү кыймылда болбогон адамдар кандай ооруларга чалдыгышы мүмкүндүгүн эскертти.Маалыматка ылайык, адегенде эле жүрөк-кан тамыр системасына кесепетин тийгизип, жүрөктүн согушу начарлайт, муундар алсырап, ишке жөндөмдүүлүк солгундайт. Ошондой эле кыймылсыз отура берүү семирип кетүү жана атеросклерозго алып барат. Бул факторлордун баары артериалдык гипертония, инфаркт, инсультка кептеп, адам өмүрүн кыскартат.Ал эми ар дайым активдүү жашоо образында жүрүү жүрөктүн булчуңдарын кан менен камсыздоону жакшыртып, артериалдык кан басымды жөнгө салып, денеге майдын топтолушуна жол бербейт, стресстен жана нервдик чыңалуудан арылтат.Ал үчүн жумасына үч жолу 30 мүнөттөн кем эмес таза абада көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Анын эң жакшысы сууда сүзүү, тез басуу, велосипед тебүү, чуркоо, бийлөө жана машыгуу залындагы каражаттарды колдонуу болуп саналат.
https://sputnik.kg/20220813/mashyguu-aldynda-kantip-tamaktanuu-kerek-1066742497.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/14/1052934195_12:0:2023:1508_1920x0_80_0_0_9505eaf1e093e1ddcb7c9ecb36f2fe6b.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, ден соолук, кыймыл, чуркоо, оору, эскертүү
кыргызстан, ден соолук, кыймыл, чуркоо, оору, эскертүү
Жумасына үч жолку активдүү кыймыл стресстен, нервдик чыңалуудан арылтат
Кыймылсыз отура берүү инфаркт, инсультка кептеп, адам өмүрүн кыскартары айтылды.
БИШКЕК, 15-авг. — Sputnik. Саламаттык сактоо министрлиги активдүү кыймылда болбогон адамдар кандай ооруларга чалдыгышы мүмкүндүгүн эскертти.
Маалыматка ылайык, адегенде эле жүрөк-кан тамыр системасына кесепетин тийгизип, жүрөктүн согушу начарлайт, муундар алсырап, ишке жөндөмдүүлүк солгундайт. Ошондой эле кыймылсыз отура берүү семирип кетүү жана атеросклерозго алып барат. Бул факторлордун баары артериалдык гипертония, инфаркт, инсультка кептеп, адам өмүрүн кыскартат.
Ал эми ар дайым активдүү жашоо образында жүрүү жүрөктүн булчуңдарын кан менен камсыздоону жакшыртып, артериалдык кан басымды жөнгө салып, денеге майдын топтолушуна жол бербейт, стресстен жана нервдик чыңалуудан арылтат.
Ал үчүн жумасына үч жолу 30 мүнөттөн кем эмес таза абада көнүгүүлөрдү жасоо сунушталат. Анын эң жакшысы сууда сүзүү, тез басуу, велосипед тебүү, чуркоо, бийлөө жана машыгуу залындагы каражаттарды колдонуу болуп саналат.