https://sputnik.kg/20220816/asman-bishkek-siti-shaarlaryn-kuruu-1066815698.html
"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү
"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү
Sputnik Кыргызстан
Кеңешмеде сунушталган курулуш долбоорлору талкууланган. 16.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-16T12:47+0600
2022-08-16T12:47+0600
2022-08-16T13:18+0600
кыргызстан
курулуш
"асман" шаары
долбоор
бишкек-сити
https://sputnik.kg/img/07e6/08/10/1066817676_0:217:3255:2048_1920x0_80_0_0_574a63262fc9af190068d9b521dbe1d5.jpg
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7000 орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы "Асман" экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар "Бишкек Сити" эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталган.Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралган.Жапаров тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.Жыйынтыгында Жапаров бул багытта мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берген.
https://sputnik.kg/20220809/osh-taza-suu-tender-zharyyalandy-1066653300.html
"асман" шаары
бишкек-сити
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/10/1066817676_262:0:2993:2048_1920x0_80_0_0_99a6565f7f01a914daeaa8a7ac1282a1.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, курулуш, "асман" шаары, долбоор, бишкек-сити
кыргызстан, курулуш, "асман" шаары, долбоор, бишкек-сити
"Асман", "Бишкек сити". Жапаров ири долбоорлордун курулушу боюнча жыйын өттү
12:47 16.08.2022 (Жаңыртылды: 13:18 16.08.2022) Кеңешмеде сунушталган курулуш долбоорлору талкууланган.
БИШКЕК, 16-авг. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинде көчмө жыйын өткөрдү. Бул туурасында өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
Кеңешменин жүрүшүндө Бишкектин жанындагы 7000 орундуу спорттук-маданий комплекстин, Ысык-Көл облусундагы "Асман" экологиялык таза шаарынын, ошондой эле Орок айылындагы 22 миң орундуу стадиону бар "Бишкек Сити" эл аралык ишкер борборунун курулуш долбоору сунушталган.
Мындан тышкары, борбор калаадагы №47 түзөтүү колониясынын ордуна мектеп жана бала бакчаларды камтыган турак жай комплексин куруу маселеси каралган.
Жапаров тиешелүү ведомстволорго жогоруда аталган объектилердин курулуш долбоорлорун эл аралык стандарттарга жана ченемдерге шайкеш келтирүү иретинде сапаттуу иштеп чыгууну тапшырды.
"Бул объектилердин курулуш долбоорлорун сапаттуу иштеп чыгуу маанилүү. Алардын жагымдуулугу, ыңгайлуулугу, коопсуздугу жана экологиялык жактан тазалыгы боюнча тыкыр ойлонулушу шарт", — деди өкмөт башчы.
Жыйынтыгында Жапаров бул багытта мамлекеттик, жергиликтүү бийлик органдарына бир катар тапшырмаларды берген.