https://sputnik.kg/20220819/rf-buunun-koopsuzduk-keneshine-kievdin-chagymchyldygy-boyuncha-kat-zholdodu-1066970401.html
РФ БУУнун Коопсуздук кеңешине Киевдин чагымчылыгы боюнча кат жолдоду
РФ БУУнун Коопсуздук кеңешине Киевдин чагымчылыгы боюнча кат жолдоду
Sputnik Кыргызстан
Катта Запорожье АЭСи боюнча чагымчылыктын олуттуу кесепеттери туурасында айтылган. 19.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-19T23:24+0600
2022-08-19T23:24+0600
2022-08-20T10:25+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
акш
украина
запорожье атомдук электр станциясы
буу
коопсуздук кеңеши
чагымчылык
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066969519_0:569:2418:1929_1920x0_80_0_0_ce0cdedce715ce112a54cf58d19812e0.jpg
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине Киевдин Запорожье АЭСи боюнча чагымчылыгын жана анын болуп кетүүчү кесепетин сүрөттөгөн кат жолдоду. Бул тууралуу РФтин туруктуу өкүлчүлүгү Twitter баракчасына жазганын РИА Новости билдирди.Катта “АКШ АЭСтеги кырдаал жана аны аткылоо боюнча объективдүү маалыматтар жаатында үн катпаган боюнча турат. Мунусу менен Киев бийлигинин жазасыз калгандыгын колдоорун билдирип, Европадагы болуп кетүүчү кырсыкка салым кошуп жатат” деп жазылган.Буга чейин РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Киев режими БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Украинага иш сапарын утурлай Запорожье атомдук электр станциясында резонанстуу чагымчылык даярдап жатканын айткан. Эртең анын Одессага барары, ал эми бүгүн Түркия, Украина президенттери менен жолугары кабарланган.Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылоону күчөттү. Запорожье администрациясынын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы "Каховка" подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубаттуулугу азайтылган болчу.Украинаны денацификация жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция учурунда россиялык аскерлер Херсон облусун жана Запорожьенин Азов бөлүгү жагын алган. Ал жакта аскердик-жарандык администрация иштеп, россиялык телеканалдар менен радиостанциялар тарта баштады. Рубль колдонууга кирип, Крым менен байланыш калыбына келтирилип жатат. Бошотулган облустар Россиянын курамына кирүү боюнча пландарын жарыялашкан.
https://sputnik.kg/20220819/zaporozhe-aehs-ukraina-ok-atuu-kajryluu-1066969240.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066969519_0:115:2418:1929_1920x0_80_0_0_f170c1a9c2fb0d76075afced982bf429.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, акш, украина, запорожье атомдук электр станциясы, буу, коопсуздук кеңеши, чагымчылык
дүйнөдө, россия, акш, украина, запорожье атомдук электр станциясы, буу, коопсуздук кеңеши, чагымчылык
РФ БУУнун Коопсуздук кеңешине Киевдин чагымчылыгы боюнча кат жолдоду
23:24 19.08.2022 (Жаңыртылды: 10:25 20.08.2022) Катта Запорожье АЭСи боюнча чагымчылыктын олуттуу кесепеттери туурасында айтылган.
БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Россия Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине Киевдин Запорожье АЭСи боюнча чагымчылыгын жана анын болуп кетүүчү кесепетин сүрөттөгөн кат жолдоду. Бул тууралуу РФтин туруктуу өкүлчүлүгү Twitter баракчасына жазганын
РИА Новости билдирди.
“Биз БУУнун Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрүнүн арасында кат тараттык, анда украиналык бийликтин Запорожье АЭСи боюнча чагымчылдыгы жана анын тийгизе турган кесепети туурасында айтылган", — деп билдиришти өкүлчүлүктөн.
Катта “АКШ АЭСтеги кырдаал жана аны аткылоо боюнча объективдүү маалыматтар жаатында үн катпаган боюнча турат. Мунусу менен Киев бийлигинин жазасыз калгандыгын колдоорун билдирип, Европадагы болуп кетүүчү кырсыкка салым кошуп жатат” деп жазылган.
Буга чейин РФтин Коргоо министрлигинин расмий өкүлү Игорь Конашенков Киев режими БУУнун башкы катчысы Антониу Гутерриштин Украинага иш сапарын утурлай Запорожье атомдук электр станциясында резонанстуу чагымчылык даярдап жатканын айткан. Эртең анын Одессага барары, ал эми бүгүн Түркия, Украина президенттери менен жолугары кабарланган.
Август айынын башында Украинанын Куралдуу күчтөрү станцияны аткылоону күчөттү. Запорожье администрациясынын өкүлү Владимир Роговдун маалыматы боюнча, алар башкарылуучу ракеталар жана Батыштан чыгарылган снаряддар менен аткылап жатат. Бир чабуулдан кийин жогорку вольттуу линиядагы "Каховка" подстанциясы жабыркаган, мындан улам эки энергетикалык блоктун кубаттуулугу азайтылган болчу.
Украинаны денацификация жана демилитаризациялоо боюнча атайын операция учурунда россиялык аскерлер Херсон облусун жана Запорожьенин Азов бөлүгү жагын алган. Ал жакта аскердик-жарандык администрация иштеп, россиялык телеканалдар менен радиостанциялар тарта баштады. Рубль колдонууга кирип, Крым менен байланыш калыбына келтирилип жатат. Бошотулган облустар Россиянын курамына кирүү боюнча пландарын жарыялашкан.