https://sputnik.kg/20220824/kyrgyzstan-baaluu-metall-zhany-myjzam-1067146500.html
Зергер: баалуу металл боюнча жаңы мыйзам бир топ мүмкүнчүлүктөрдү түздү
Зергер: баалуу металл боюнча жаңы мыйзам бир топ мүмкүнчүлүктөрдү түздү
Sputnik Кыргызстан
Документ бизнес-чөйрөсүнүн айткан сунуштарынын 80-90 пайызын камтыды. 24.08.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-08-24T17:37+0600
2022-08-24T17:37+0600
2022-08-24T17:39+0600
пресс-борбор
кыргызстан
зергер
баалуу металл
алтын
күмүш
мыйзам
сталбек акматов
https://sputnik.kg/img/07e6/08/18/1067141382_0:211:2283:1495_1920x0_80_0_0_0e1b0026cfde76365c8d7c79387d3144.jpg
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам зергерлер үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов билдирди.Ал Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда "Баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне берет?" деген аталыштагы брифингге катышкан.Ишкердин айтымында, эски мыйзам талапка жооп бербей калган. Ал эми жаңы редакциясы өлкө экономикасына пайда алып келиши толук мүмкүн.Ошол эле учурда ал мыйзам укуктук-ченемдик актылар даярдалмайынча иштебей турганын, бирок жакында бул багыттагы иштер башталарын кошумчалады. Ага дагы бизнес-чөйрөсү катышмакчы.Финансы министрлигинин Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров жаңы мыйзамда ишкерлер айткан сунуштарынын 80-90 пайызы чагылдырылганын билдирди. Анын айтымында, жаңы нормалар зергерчилик тармагына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган."Жаңы мыйзамда мамлекеттин кызыкчылыгы да көздөлдү. Мисалы, алтынды өндүрүү учурунда Кыргызстандан тышкары кайра иштетүүгө жөнөтүлсө, анда Улуттук банк менен министрлер кабинетинин макулдугусуз аны башка жактарга сатууга болбойт. Бул таптакыр жаңы норма”, — деп кошумчалады ал.Эске салсак, август айында президент Садыр Жапаров "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Документтин максаты — баалуу металлдарды жана таштарды өндүрүүнү, жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча бирдиктүү мыйзамдык базаны түзүү. Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды ылайыкташтыруу жана бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ мыйзамдарына шайкеш келтирүү деп айтылган.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/18/1067141382_48:0:2041:1495_1920x0_80_0_0_8cec20a87c29842ee50528e844fb98d3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, зергер, баалуу металл, алтын, күмүш, мыйзам, сталбек акматов
кыргызстан, зергер, баалуу металл, алтын, күмүш, мыйзам, сталбек акматов
Зергер: баалуу металл боюнча жаңы мыйзам бир топ мүмкүнчүлүктөрдү түздү
17:37 24.08.2022 (Жаңыртылды: 17:39 24.08.2022) Документ бизнес-чөйрөсүнүн айткан сунуштарынын 80-90 пайызын камтыды.
БИШКЕК, 24-авг. — Sputnik. Баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам зергерлер үчүн бир катар мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Бул тууралуу Зергерлер жана ишкерлер союзунун президенти Сталбек Акматов билдирди.
Ал Sputnik Кыргызстан мультимедиалык маалымат борборунда "Баалуу металлдар боюнча жаңы мыйзам Кыргызстанга эмне берет?" деген аталыштагы брифингге катышкан.
Ишкердин айтымында, эски мыйзам талапка жооп бербей калган. Ал эми жаңы редакциясы өлкө экономикасына пайда алып келиши толук мүмкүн.
"Тышкы жана ички инвестиция үчүн жол ачылууда. Өндүрүүчүлөрдүн чийки затка жетүү маселеси чечилип жатат. Күмүштөн жасалган зер буюмдардын пробалык эн белгисин ыктыярдуу түрдө белгилөө мүмкүнчүлүгү — бизнес үчүн чоң жеңилдик. Ишкерлерге алтынды сатып алууга шарт түзүлдү. Мурда мындай укук болгон эмес. Көзөмөл менен мүмкүнчүлүктүн ортосунда тең салмактуулук сакталууда. Зергерчилик тармагы эми мамлекетке пайда алып келе алат", — деди Акматов.
Ошол эле учурда ал мыйзам укуктук-ченемдик актылар даярдалмайынча иштебей турганын, бирок жакында бул багыттагы иштер башталарын кошумчалады. Ага дагы бизнес-чөйрөсү катышмакчы.
Финансы министрлигинин Баалуу металлдар департаментинин директору Канатбек Мадумаров жаңы мыйзамда ишкерлер айткан сунуштарынын 80-90 пайызы чагылдырылганын билдирди. Анын айтымында, жаңы нормалар зергерчилик тармагына ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.
"Жаңы мыйзамда мамлекеттин кызыкчылыгы да көздөлдү. Мисалы, алтынды өндүрүү учурунда Кыргызстандан тышкары кайра иштетүүгө жөнөтүлсө, анда Улуттук банк менен министрлер кабинетинин макулдугусуз аны башка жактарга сатууга болбойт. Бул таптакыр жаңы норма”, — деп кошумчалады ал.
Эске салсак, август айында президент Садыр Жапаров "Баалуу металлдар жана асыл таштар жөнүндө" мыйзамга кол койгон. Документтин максаты — баалуу металлдарды жана таштарды өндүрүүнү, жүгүртүүнү жөнгө салуу боюнча бирдиктүү мыйзамдык базаны түзүү. Зергерчилик тармагын өнүктүрүү үчүн шарттарды ылайыкташтыруу жана бул чөйрөдөгү улуттук мыйзамдарды ЕАЭБ мыйзамдарына шайкеш келтирүү деп айтылган.