Термеев: синтетикалык торлорду алып келүүгө тыюу салыш керек
© Sputnik / Табылды КадырбековЖаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев
Жазылуу
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Руслан Термеев Ысык-Көлдөн 54 миң 900 метр синтетикалык тор алынганын айтты.
Ысык-Көлдү синтетикалык балык кармоочу торлордон тазалоодо жалпысынан тогуз кайык жана тиешелүү мамлекеттик органдардын 30 кызматкери иштеп жатат. Бул тууралуу Руслан Термеев Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Термеев: синтетикалык торлорду алып келүүгө тыюу салыш керек
Анын айтымында, быйыл аталган иш-чаранын алкагында Ысык-Көл акваториясы аталган синтетикалык заттардан толугу менен тазаланат.
"Ысык-Көлдү балык кармоочу кытай торлорунан тазалоо иштери жыл сайын пландык негизде жүргүзүлүп келет. Бирок быйыл президенттин "Ысык-Көлдүн экологиясын сактоо боюнча кечиктирилгис чаралар" деген жарлыгы менен облус жетекчиси Алтынбек Сулаймановдун тескемеси чыккан. Ошонун негизинде быйыл бир ай болобу же эки айбы, канча убакыт талап кылынса да көлдү толугу менен айланып, синтетикалык торлордон тазалайбыз. Азыркы учурда 54 миң 900 метр тор алынды. Бул Түп районуна караштуу Николаевка булуңунан Өрүктү айылына чейинки көлдүн ортосунан табылган торлор. Бул тилке толугу менен тазаланып бүткөн соң Чолпон-Атаны көздөй жылабыз. Бул жерде да үч күн иш алып баруу пландалууда. Мына ушинтип жүрүп отуруп, Ысык-Көл акваториясын синтетикалык торлордон толугу менен тазалап чыгабыз. Бирок бул деле көйгөйдү чечпейт. Анткени бизге торлор Кытайдан келет. Аларды алып кирүүгө тыюу салынмайын, жасалган иштердин үзүрүн көрө албайбыз", — деди Термеев.
Ал балыктардын жупташкан учуру башталгандыктан облустун үч жерине көзөмөл посттору орнотуларын кошумчалады.