https://sputnik.kg/20220923/iim-chagymchyl-20-adamdy-surakka-alyp-keldi-1068192296.html
ИИМ соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адамды суракка алды
ИИМ соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адамды суракка алды
Sputnik Кыргызстан
Милиция чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти. 23.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-23T09:43+0600
2022-09-23T09:43+0600
2022-09-23T09:44+0600
кыргызстан
чагымчыл
кармоо
иим
https://sputnik.kg/img/07e4/08/0e/1049323013_0:243:2833:1837_1920x0_80_0_0_de038e9288e6b8f2f3cf570a19d6c3ea.jpg
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп, чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адам суракка алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.Милиция акыркы күндөрү соцтармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланып жатканын белгиледи.Ошондой эле милиция өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.Аны менен катар учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу экени белгиленди.
https://sputnik.kg/20220922/iim-tazhik-zharandaryna-kysym-korsotuu-bolgon-zhok-1068189132.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/08/0e/1049323013_102:0:2833:2048_1920x0_80_0_0_3e3bc05c000fc4f54263d9372406ce7a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, чагымчыл, кармоо, иим
кыргызстан, чагымчыл, кармоо, иим
ИИМ соцтармакта чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адамды суракка алды
09:43 23.09.2022 (Жаңыртылды: 09:44 23.09.2022) Милиция чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Социалдык тармактарда улуттар аралык кастыкты козутуп, чагымчыл маалымат тараткан деп 20 адам суракка алып келинди. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Милиция акыркы күндөрү соцтармактарда улуттар аралык кастыкты козутууга түрткөн билдирүүлөр активдүү жарыяланып жатканын белгиледи.
"Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан мониторинг жүргүзүү учурунда 20га жакын жаран аныкталып, тергөө кызматтарына жеткирилди. Алар менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, тергөө амалдары өткөрүлүүдө. ИИМ жарандарды социалдык тармактарда расалык, этностук¸ улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутууга (араздашууга) үндөгөн чагымчыл материалдарды бөлүшпөөгө чакырат", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле милиция өлкөнү туруксуздаштыруу максатында чагымчыл жана башка материалдарды тараткандар мыйзам чегинде кылмыш жоопкерчилигине тартыларын эскертти.
Аны менен катар учурда өлкөдө жана чек арага чектешкен аймактарда коомдук-саясий абал туруктуу экени белгиленди.