https://sputnik.kg/20220926/kyrgyz-tazhik-kap-nasvay-karmaldy-1068323433.html
Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насыбай алып келе жаткан жаран кармалды. Сүрөт
Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насыбай алып келе жаткан жаран кармалды. Сүрөт
Sputnik Кыргызстан
Шектүү унааны Олжо тилкесинен чек ара кезмети байкап токтоткон. 26.09.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-09-26T16:02+0600
2022-09-26T16:02+0600
2022-09-26T16:10+0600
тажикстан
кыргызстан
аткезчилик
насвай
кармоо
https://sputnik.kg/img/103294/15/1032941508_0:201:5200:3126_1920x0_80_0_0_712b781f2dcead9d6088ef73ff651944.jpg
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон куралдуу кагылышууларга карабастан аткезчилик жол менен чек арадан жүк алып өтүү фактылары катталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.Маалыматка ылайык, 25-сентябрда Баткен районуна караштуу Олжо тилкесинен чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын 21 жаштагы Т.М. аттуу жараны айдап келе жаткан Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа токтотулган.Чек ара кызматы аткезчилик менен алектенип, чек ара мыйзамдарын бузган жарандарга карата катуу чара көрүлөрүн эскертти.
https://sputnik.kg/20220913/rossiya-kyrgyzstan-atkezchilik-1067825402.html
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103294/15/1032941508_170:0:4799:3472_1920x0_80_0_0_2f1755d4c2cbc2afbc47b46358ddc20f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
тажикстан, кыргызстан, аткезчилик, насвай, кармоо
тажикстан, кыргызстан, аткезчилик, насвай, кармоо
Тажикстандан Кыргызстанга 9 кап насыбай алып келе жаткан жаран кармалды. Сүрөт
16:02 26.09.2022 (Жаңыртылды: 16:10 26.09.2022) Шектүү унааны Олжо тилкесинен чек ара кезмети байкап токтоткон.
БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон куралдуу кагылышууларга карабастан аткезчилик жол менен чек арадан жүк алып өтүү фактылары катталууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, 25-сентябрда Баткен районуна караштуу Олжо тилкесинен чек ара кезмети тарабынан Кыргызстандын 21 жаштагы Т.М. аттуу жараны айдап келе жаткан Toyota Estima үлгүсүндөгү унаа токтотулган.
"Автоунаадан тогуз кап насыбай табылды. Айдоочу насыбайды Тажикстандан мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылган. Андан ары ал Кыргызстандын аймагында сатмак болгон. Тиешелүү документтер толтурулган соң кармалган айдоочу жана жүк иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдарга өткөрүп берилди", — деп айтылат маалыматта.
Чек ара кызматы аткезчилик менен алектенип, чек ара мыйзамдарын бузган жарандарга карата катуу чара көрүлөрүн эскертти.