Сөөк менен кошо куймулчак, уча өңдүү устукандарды көмүшүптүр. Археологдун маеги
Сөөк менен кошо куймулчак, уча өңдүү устукандарды көмүшүптүр. Археологдун маеги
Sputnik Кыргызстан
Жакында эле Балыкчы шаары менен Кочкор өрөөнүнүн аймагынан байыркы коргондор табылган. Андан археологдор уникалдуу экспонаттар менен табылгаларды казып... 15.10.2022, Sputnik Кыргызстан
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болгон тарыхчы-археолог Аида Абдыканова археологиялык изилдөөлөр, байыркы коргондордун табылышы тууралуу бизди кызыктырган соболдорго жооп берди.— Археологиялык казуулардын жыйынтыгы менен изилдөөгө кандай макам берилди?— Бизде азыр өнүгүүгө багытталган ар кандай долбоорлор көп болуп жаткандыктан археологиялык казуу иштери да жүрүүдө. Республика ичинде алыскы аймактар менен байланыштырган жолдор оңдолуп, темир жол салынып жатат. Ушундай курулуш иштеринин башталышында алгач археологиялык иштер жүргүзүлүп, маданий мурас эстеликтеринин бар же жок экени билинет. Эгер кездешип калса, мыйзамдын чегинде илимий иш катары изилденип, андан ары алып кетүү керек. 1990-жылдары Боз-Бармак тоосун кесип трасса салынып, бирок ал аягына чыкпай калган. Кайрадан изилдөө жасалганда, тарыхый мурастар бар экени билинип, трассаны өзгөртүү же мурастарды сактоо максатында атайын эрежени карманып салуу сунуштары берилген. Бирок жол салуучулар алгач казуу иштерин жүргүзүү арзан жана ыңгайлуу болоруна токтолушту. Бул ирет "Кыргыз Темир Жол" улуттук компаниясы каржылады.— Дөбөлөрдүн абалы археологдор менен бирге талкууланып, казуу иштерине чогуу баа берилери айтылган эле...— Казуу иштери эки айга созулуп, анда 15-20 киши иштеди. Ар кайсы жерден ар башка адистер да келип жүрдү. Мисалы, көрүстөндөрдү казып баштаганда жыгач буюмдар көп чыкты. Негизи скиф, сак доорунда жыгач буюмдар аз болгон. Жыгач адатта жакшы сакталбайт. Мында табыттардын баары жыгачтан жасалган экен. Ошол себептен реставраторду Казань археологиялык институтунан чакырдык. Анткени биздин балдар бошобой калышты. Ошол реставратор жигит бизге жакшы жардам берди. Экспонаттардын арасында жыгачтан жасалган эки баш кийим бар. Баш-аягы 40 көрүстөн казылган. Скиф доорунда бизди сактар деп аташкан. Сактар сөөктү түштүктөн түндүктү карай чынжырча түрүндө көмүшчү. Көрүстөндөр 8, 10, 15 болуп тизмектелип көмүлгөн. Кийин жол салынганда же кайра оңдолгондо бузулуп калбасын деп машина өтүүчү жолго жакын көрүстөндөрдү да каздык. Негизи Боз-Бармакта мындай жайлар абдан көп. Анын үстү жагындагылары байыркы таш дооруна кирет. Байыркы адамдардын тулку бойлору бизден айырмаланат жана алардын таштан жасалган куралдары ошол жерден табылган. Саламат-Булак, Боз-Бармак, Ак-Өлөң деген жерлерде байыркы турак жайлар аныкталган. Алардын үстүнөн сактар көрүстөндөрүн чынжырдай тизип кеткен. Мисалы, ошол жерден байыркы Африкадан табылган таш куралдарды да кездештирип жаттык.— Негизи табылгалар күткөнүңүздөй эле болдубу?— Ооба, бирок биздеги экспонаттар Казакстан менен салыштырганда абдан аз. Көбүнчө каражат табылбай, казылбай жатып эле жумуш токтоп калат. Бул жерде кырк коргондун отузунда жакшы буюмдар бар экен. Аялдын жыгачтан жасалган эки баш кийиминин бирөөсү 1960-жылдары Алтайдагы Пазырык маданиятына тийиштүү "Пазырык 5" коргонунан табылган килемдин калдыктарын эске салат. Анткени ошол килемде баш кийимчен отурган "аял кудайдын" ылдый жагында ага сыйынып жаткандай элес калтырган атчан киши бар. Ушундай сүрөт түшүрүлгөн. Биз тапкан баш кийим ошол аялдыкына өтө окшош. Мындай экспонат бизде биринчи жолу табылып жатат. Экинчи баш кийим азыр реконструкцияланууда. Аны да күйгүзүшүптүр. Кандайдыр бир каада-салтына жараша жаткан кишинин баш кийими өрттөлгөн окшойт. Бирок табыт күйгөн эмес. Андан тышкары алтын, колодон жасалган иймектер бар. Үч-Коргондон камчынын калдыктарын таптык. Жылкычы аттуу уста байкени күтүп жатам, Москвадан келсе иштешебиз. Табылгыдан жасалган камчыда сөөк шурулар жана башка дагы кооздуктар бар экен. Анан да бир алтын жалатылган, чач учтук сыяктуу буюмду казып алдык. Бирок анын аналогиясын аныктай элекпиз. Азыр кагаз иштерин жазып жатам, Маданият министрлигине жана "Кыргыз Темир Жол" ишканасына отчёт берилет.— Археологиялык казууларды ким жетектеди жана ага кимдер катышты?— Казуу иштерине археологдордон тышкары тарых факультетинин студенттери, магистрлер катышты. Археолог Асан Торгоев Эрмитаждан келип, бир жума болуп кетти. Башында экспонаттарды хун дооруна тийиштүү окшойт деп ойлогом. Себеби жыгач табыттарды пайдалануу ошол доордо күчөгөн. Ал эми калган буюмдардын баары сактарга окшошуп жатты. Реставратордун жардамы менен да көп нерсени аныктадык. Бул ошол мезгилге таандык кандайдыр бир салт окшойт. Көбүнчө керамикадан жасалган идиштерге уча, куймулчак жана башка тамак-аштарды салып, сөөктү кошо көмүшкөн экен. Жанына бычак да коюшкан. Профессор Кубат Табалдиев да азыркы устукан тартуу салты ошол доордон бери келерин белгилеп жүрөт.— Буга чейинкилерге караганда бул казуу эмнеси менен өзгөчөлөндү?— Менимче, бул бир комплекс болду. Мисалы, мурда ар жерден бирден коргон эле казылса, мында дароо бир комплексти толук каздык. Көп маалымат алынды. Скиф дүйнөсү абдан кенен аймакты камтыйт эмеспи, ошол себептен да уникалдуу болуп жатат.Тилекке каршы, археологиялык табылгаларды улам жарыялап турганга журналыбыз деле жок. Ошол себептен кээде эмне жаңылык болуп жатканын тарыхчылар деле билбей калат.— Мамлекет тарабынан археологиялык иштерге көңүл бурулбай жаткандыгын белгилеп келесиздер. Айрым учурда мыйзамсыз казуулар менен табылгаларды чет өлкөгө алып чыгып кеткендер да болору тууралуу далилдер бар экени айтылган...— Негизи бул маселе абдан оор. Ушинтип уурдап казып жүргөндөр бар. Алар кылмыш кодекси боюнча уюшкан топ болуп эсептелинет. Бул маселени көп жолу көтөрдүк. Буга УКМК, ИИМ, Чек ара кызматы да көңүл бурушу керек. Айрым учурда жарандар жөн гана кызыгып казып, экспонатты бузуп алышат. Маданият министрлигине мындай факты түшсө комиссия түзүп, укук коргоо органдарына кат жазып кылмыш ишин ачтырат. Мисалы, Көлдө бирөө баалуу мурастар табылган жерди топурак алуу үчүн трактор менен каздырып салган. Азыр материалдык чыгымдын ордун толтуруу үчүн сот процесси жүрүп жатат. Мындай фактылар көп учурда көз жаздымда калууда. Археологдор да байкап калса, билдирүү жазышы керек эле, бирок жумушу көп болгондуктан алар да байкабай калууда. Көргөн күндө деле жазбай эле кетип калат. Себеби РИИБге барганда 2-3 саат убактың кетет жана алар кайра-кайра териштирүүгө чакырат. Убакыт тар болгондуктан да кайдыгерлик бар.— Коргондордун табылышы боюнча иш процесси азыр кайсы стадияда?— Казуу иштери бүттү. Азыр аймакты коргоо максатында атайын белгилери коюлуп, 100 метр сайын археологиялык эстелик мамлекет тарабынан коргоого алынары жазылат. Учурда Маданият министрлигинин талабы менен казуу иштеринен кийин ушундай коргоо белгилери коюлушу керектиги айтылып, ал аткарылып жатат.— Кыргызстандын аймагында изилденбей калган жерлер, тарыхый жайлар өтө көп. Сиздин пикириңизде айрыкча кайсы жерлерге көңүл бурулушу керек?— Эң биринчиден курулуш жүрө турган жерлерди изилдөө керек. Бизде да мыйзам бар. Ага ылайык, алгач казуу иштерин жүргүзүп алуу керек. Ошондо эч бир баалуу маданий мурастар сынбайт жана талкаланбайт. Негизи улуттук маданий мурасты коргоо жаатында министрлик көп иштерди жасап жатат. Азыр ири долбоордун же кайсы бир курулуш ишинин аркасы менен казуу иштери жүргүзүлүп калып жатат. Мисалы, бир бизнесмен цемент завод салганы жатса алгач ошол жерди археологдорго иликтетип алат. Анткени алгач ал археологиялык, геологиялык экспертизалардын жыйынтыгын көрсөтүшү керек.— Боз-Бармактан канча археологиялык табылгалар алынды?— Жалпы 40 көрүстөн казылды. Анын отузунан археологиялык буюмдар табылды. Бирок мурда да буюмдар уурдалган деп ойлойм. Ар бир көрүстөндөн 3-4 керамика идиш, куралдар, алтындар, шурулар казылган. Эми мунун баарын санап чыгуу мүмкүн эмес. Топурагы менен кошо алып аны электен өткөрөбүз. Ошондо да биз көрбөгөн майда буюмдар чыгып калат. Колодон жасалган төөнөгүчтөр чыкты.— Акыркы илимий отчёттук документ качан түзүлөт?— Чечим боюнча 2,5 ай казышыбыз керек эле. Анан бир ай отчёт жазып, сүрөттөрдү, иллюстрацияларды, пландарды даярдап, анализ жазуу зарыл. Азыр анализдерди бүтө элекмин. Буюрса, жайга жакын чоң монография чыгарсак деген ойдобуз.
Жакында эле Балыкчы шаары менен Кочкор өрөөнүнүн аймагынан байыркы коргондор табылган. Андан археологдор уникалдуу экспонаттар менен табылгаларды казып алышкан.
Sputnik Кыргызстан агенттигинде конокто болгон тарыхчы-археолог Аида Абдыканова археологиялык изилдөөлөр, байыркы коргондордун табылышы тууралуу бизди кызыктырган соболдорго жооп берди.
— Археологиялык казуулардын жыйынтыгы менен изилдөөгө кандай макам берилди?
— Бизде азыр өнүгүүгө багытталган ар кандай долбоорлор көп болуп жаткандыктан археологиялык казуу иштери да жүрүүдө. Республика ичинде алыскы аймактар менен байланыштырган жолдор оңдолуп, темир жол салынып жатат. Ушундай курулуш иштеринин башталышында алгач археологиялык иштер жүргүзүлүп, маданий мурас эстеликтеринин бар же жок экени билинет. Эгер кездешип калса, мыйзамдын чегинде илимий иш катары изилденип, андан ары алып кетүү керек. 1990-жылдары Боз-Бармак тоосун кесип трасса салынып, бирок ал аягына чыкпай калган. Кайрадан изилдөө жасалганда, тарыхый мурастар бар экени билинип, трассаны өзгөртүү же мурастарды сактоо максатында атайын эрежени карманып салуу сунуштары берилген. Бирок жол салуучулар алгач казуу иштерин жүргүзүү арзан жана ыңгайлуу болоруна токтолушту. Бул ирет "Кыргыз Темир Жол" улуттук компаниясы каржылады.
— Дөбөлөрдүн абалы археологдор менен бирге талкууланып, казуу иштерине чогуу баа берилери айтылган эле...
— Казуу иштери эки айга созулуп, анда 15-20 киши иштеди. Ар кайсы жерден ар башка адистер да келип жүрдү. Мисалы, көрүстөндөрдү казып баштаганда жыгач буюмдар көп чыкты. Негизи скиф, сак доорунда жыгач буюмдар аз болгон. Жыгач адатта жакшы сакталбайт. Мында табыттардын баары жыгачтан жасалган экен. Ошол себептен реставраторду Казань археологиялык институтунан чакырдык. Анткени биздин балдар бошобой калышты. Ошол реставратор жигит бизге жакшы жардам берди. Экспонаттардын арасында жыгачтан жасалган эки баш кийим бар. Баш-аягы 40 көрүстөн казылган. Скиф доорунда бизди сактар деп аташкан. Сактар сөөктү түштүктөн түндүктү карай чынжырча түрүндө көмүшчү. Көрүстөндөр 8, 10, 15 болуп тизмектелип көмүлгөн. Кийин жол салынганда же кайра оңдолгондо бузулуп калбасын деп машина өтүүчү жолго жакын көрүстөндөрдү да каздык. Негизи Боз-Бармакта мындай жайлар абдан көп. Анын үстү жагындагылары байыркы таш дооруна кирет. Байыркы адамдардын тулку бойлору бизден айырмаланат жана алардын таштан жасалган куралдары ошол жерден табылган. Саламат-Булак, Боз-Бармак, Ак-Өлөң деген жерлерде байыркы турак жайлар аныкталган. Алардын үстүнөн сактар көрүстөндөрүн чынжырдай тизип кеткен. Мисалы, ошол жерден байыркы Африкадан табылган таш куралдарды да кездештирип жаттык.
Байыркы адамдардын тулку бойлору бизден айырмаланат жана алардын таштан жасалган куралдары ошол жерден табылган. Саламат-Булак, Боз-Бармак, Ак-Өлөң деген жерлерде байыркы турак жайлар аныкталган
Байыркы адамдардын тулку бойлору бизден айырмаланат жана алардын таштан жасалган куралдары ошол жерден табылган. Саламат-Булак, Боз-Бармак, Ак-Өлөң деген жерлерде байыркы турак жайлар аныкталган
Байыркы адамдардын тулку бойлору бизден айырмаланат жана алардын таштан жасалган куралдары ошол жерден табылган. Саламат-Булак, Боз-Бармак, Ак-Өлөң деген жерлерде байыркы турак жайлар аныкталган
— Негизи табылгалар күткөнүңүздөй эле болдубу?
— Ооба, бирок биздеги экспонаттар Казакстан менен салыштырганда абдан аз. Көбүнчө каражат табылбай, казылбай жатып эле жумуш токтоп калат. Бул жерде кырк коргондун отузунда жакшы буюмдар бар экен. Аялдын жыгачтан жасалган эки баш кийиминин бирөөсү 1960-жылдары Алтайдагы Пазырык маданиятына тийиштүү "Пазырык 5" коргонунан табылган килемдин калдыктарын эске салат. Анткени ошол килемде баш кийимчен отурган "аял кудайдын" ылдый жагында ага сыйынып жаткандай элес калтырган атчан киши бар. Ушундай сүрөт түшүрүлгөн. Биз тапкан баш кийим ошол аялдыкына өтө окшош. Мындай экспонат бизде биринчи жолу табылып жатат. Экинчи баш кийим азыр реконструкцияланууда. Аны да күйгүзүшүптүр. Кандайдыр бир каада-салтына жараша жаткан кишинин баш кийими өрттөлгөн окшойт. Бирок табыт күйгөн эмес. Андан тышкары алтын, колодон жасалган иймектер бар. Үч-Коргондон камчынын калдыктарын таптык. Жылкычы аттуу уста байкени күтүп жатам, Москвадан келсе иштешебиз. Табылгыдан жасалган камчыда сөөк шурулар жана башка дагы кооздуктар бар экен. Анан да бир алтын жалатылган, чач учтук сыяктуу буюмду казып алдык. Бирок анын аналогиясын аныктай элекпиз. Азыр кагаз иштерин жазып жатам, Маданият министрлигине жана "Кыргыз Темир Жол" ишканасына отчёт берилет.
— Археологиялык казууларды ким жетектеди жана ага кимдер катышты?
— Казуу иштерине археологдордон тышкары тарых факультетинин студенттери, магистрлер катышты. Археолог Асан Торгоев Эрмитаждан келип, бир жума болуп кетти. Башында экспонаттарды хун дооруна тийиштүү окшойт деп ойлогом. Себеби жыгач табыттарды пайдалануу ошол доордо күчөгөн. Ал эми калган буюмдардын баары сактарга окшошуп жатты. Реставратордун жардамы менен да көп нерсени аныктадык. Бул ошол мезгилге таандык кандайдыр бир салт окшойт. Көбүнчө керамикадан жасалган идиштерге уча, куймулчак жана башка тамак-аштарды салып, сөөктү кошо көмүшкөн экен. Жанына бычак да коюшкан. Профессор Кубат Табалдиев да азыркы устукан тартуу салты ошол доордон бери келерин белгилеп жүрөт.
Скиф доорунда бизди сактар деп аташкан. Сактар сөөктү түштүктөн түндүктү карай чынжырча түрүндө көмүшчү
— Буга чейинкилерге караганда бул казуу эмнеси менен өзгөчөлөндү?
— Менимче, бул бир комплекс болду. Мисалы, мурда ар жерден бирден коргон эле казылса, мында дароо бир комплексти толук каздык. Көп маалымат алынды. Скиф дүйнөсү абдан кенен аймакты камтыйт эмеспи, ошол себептен да уникалдуу болуп жатат.
Тилекке каршы, археологиялык табылгаларды улам жарыялап турганга журналыбыз деле жок. Ошол себептен кээде эмне жаңылык болуп жатканын тарыхчылар деле билбей калат.
— Мамлекет тарабынан археологиялык иштерге көңүл бурулбай жаткандыгын белгилеп келесиздер. Айрым учурда мыйзамсыз казуулар менен табылгаларды чет өлкөгө алып чыгып кеткендер да болору тууралуу далилдер бар экени айтылган...
— Негизи бул маселе абдан оор. Ушинтип уурдап казып жүргөндөр бар. Алар кылмыш кодекси боюнча уюшкан топ болуп эсептелинет. Бул маселени көп жолу көтөрдүк. Буга УКМК, ИИМ, Чек ара кызматы да көңүл бурушу керек. Айрым учурда жарандар жөн гана кызыгып казып, экспонатты бузуп алышат. Маданият министрлигине мындай факты түшсө комиссия түзүп, укук коргоо органдарына кат жазып кылмыш ишин ачтырат. Мисалы, Көлдө бирөө баалуу мурастар табылган жерди топурак алуу үчүн трактор менен каздырып салган. Азыр материалдык чыгымдын ордун толтуруу үчүн сот процесси жүрүп жатат. Мындай фактылар көп учурда көз жаздымда калууда. Археологдор да байкап калса, билдирүү жазышы керек эле, бирок жумушу көп болгондуктан алар да байкабай калууда. Көргөн күндө деле жазбай эле кетип калат. Себеби РИИБге барганда 2-3 саат убактың кетет жана алар кайра-кайра териштирүүгө чакырат. Убакыт тар болгондуктан да кайдыгерлик бар.
Тилекке каршы, археологиялык табылгаларды улам жарыялап турганга журналыбыз деле жок. Ошол себептен кээде эмне жаңылык болуп жатканын тарыхчылар деле билбей калат
— Коргондордун табылышы боюнча иш процесси азыр кайсы стадияда?
— Казуу иштери бүттү. Азыр аймакты коргоо максатында атайын белгилери коюлуп, 100 метр сайын археологиялык эстелик мамлекет тарабынан коргоого алынары жазылат. Учурда Маданият министрлигинин талабы менен казуу иштеринен кийин ушундай коргоо белгилери коюлушу керектиги айтылып, ал аткарылып жатат.
— Кыргызстандын аймагында изилденбей калган жерлер, тарыхый жайлар өтө көп. Сиздин пикириңизде айрыкча кайсы жерлерге көңүл бурулушу керек?
— Эң биринчиден курулуш жүрө турган жерлерди изилдөө керек. Бизде да мыйзам бар. Ага ылайык, алгач казуу иштерин жүргүзүп алуу керек. Ошондо эч бир баалуу маданий мурастар сынбайт жана талкаланбайт. Негизи улуттук маданий мурасты коргоо жаатында министрлик көп иштерди жасап жатат. Азыр ири долбоордун же кайсы бир курулуш ишинин аркасы менен казуу иштери жүргүзүлүп калып жатат. Мисалы, бир бизнесмен цемент завод салганы жатса алгач ошол жерди археологдорго иликтетип алат. Анткени алгач ал археологиялык, геологиялык экспертизалардын жыйынтыгын көрсөтүшү керек.
— Боз-Бармактан канча археологиялык табылгалар алынды?
Жалпы 40 көрүстөн казылды. Анын отузунан археологиялык буюмдар табылды. Бирок мурда да буюмдар уурдалган деп ойлойм. Ар бир көрүстөндөн 3-4 керамика идиш, куралдар, алтындар, шурулар казылган
— Жалпы 40 көрүстөн казылды. Анын отузунан археологиялык буюмдар табылды. Бирок мурда да буюмдар уурдалган деп ойлойм. Ар бир көрүстөндөн 3-4 керамика идиш, куралдар, алтындар, шурулар казылган. Эми мунун баарын санап чыгуу мүмкүн эмес. Топурагы менен кошо алып аны электен өткөрөбүз. Ошондо да биз көрбөгөн майда буюмдар чыгып калат. Колодон жасалган төөнөгүчтөр чыкты.
— Акыркы илимий отчёттук документ качан түзүлөт?
— Чечим боюнча 2,5 ай казышыбыз керек эле. Анан бир ай отчёт жазып, сүрөттөрдү, иллюстрацияларды, пландарды даярдап, анализ жазуу зарыл. Азыр анализдерди бүтө элекмин. Буюрса, жайга жакын чоң монография чыгарсак деген ойдобуз.