https://sputnik.kg/20221018/kant-park-zher-izhara-1069094055.html
Парктын жерин каалагандай иштетишкен. Кантта мамкызматкерлерге иш козголду
Парктын жерин каалагандай иштетишкен. Кантта мамкызматкерлерге иш козголду
Sputnik Кыргызстан
Парктагы бак-дарак мыйзамсыз кыйылып, менчик окуу жай, соода түйүн жана спорт аянтчалары курулуп кеткен. 18.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-18T12:26+0600
2022-10-18T12:26+0600
2022-10-18T12:27+0600
кыргызстан
парк
зыян
мамлекеттик кызматкер
коррупция
кант
https://sputnik.kg/img/103772/69/1037726989_0:102:2000:1227_1920x0_80_0_0_6fbb9d8651ce3ccda96412d62e3b8dc5.jpg
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кант шаарындагы Эмен паркынын жерлери жеке менчикке жана ижарага берилип кеткени аныкталып, мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.Билдирмеге караганда, прокуратура кызматкерлери мамлекеттик органдардын адистери менен Канттагы Эмен токой-паркында текшерүү жүргүзгөн.Мындай мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 26 миллион 726 миң 536 сом ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине ("Коррупция") ылайык иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул жердеги менчикке жана ижарага берилген объектилер менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу жана аларды алгачкы калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
https://sputnik.kg/20221017/ehne-zhana-balany-korgoo-uluttuk-borboru-1069079273.html
кант
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/103772/69/1037726989_220:0:2000:1335_1920x0_80_0_0_179e123cbb0a273724878e58739ab233.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, парк, зыян, мамлекеттик кызматкер, коррупция, кант
кыргызстан, парк, зыян, мамлекеттик кызматкер, коррупция, кант
Парктын жерин каалагандай иштетишкен. Кантта мамкызматкерлерге иш козголду
12:26 18.10.2022 (Жаңыртылды: 12:27 18.10.2022) Парктагы бак-дарак мыйзамсыз кыйылып, менчик окуу жай, соода түйүн жана спорт аянтчалары курулуп кеткен.
БИШКЕК, 18-окт. — Sputnik. Кант шаарындагы Эмен паркынын жерлери жеке менчикке жана ижарага берилип кеткени аныкталып, мамлекеттик жооптуу кызматкерлерге кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, прокуратура кызматкерлери мамлекеттик органдардын адистери менен Канттагы Эмен токой-паркында текшерүү жүргүзгөн.
"Аталган парктын жери Токой фондуна караштуу жана мамлекеттин менчигиндеги жерлер болуп эсептелет. Кант шаарынын жергиликтүү бийлик өкүлдөрү парктын жерлерин башкарбаса дагы жеке менчикке жана ижарага берип, андагы бак-дарак мыйзамсыз кыйылып, менчик окуу жай, соода түйүн жана спорт аянтчалары салынып, парк мыйзамсыз пайдаланылып келген", — деп жазылат маалыматта.
Мындай мыйзамсыз аракеттерден улам мамлекетке жалпы 26 миллион 726 миң 536 сом ири өлчөмдө зыян келтирилгени айтылды. Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренесине ("Коррупция") ылайык иш козголуп, тергөө амалдары башталды. Бул жердеги менчикке жана ижарага берилген объектилер менен жер тилкелерин мамлекеттин менчигине кайтаруу жана аларды алгачкы калыбына келтирүү боюнча тийиштүү чаралар көрүлүп жатканы кошумчаланды.
17 Тогуздун айы 2022, 18:28