https://sputnik.kg/20221020/aksh-ukraina-shajloo-1069163550.html
АКШ кайсы учурда Украинаны каржылоону токтотушу мүмкүн экени айтылды
АКШ кайсы учурда Украинаны каржылоону токтотушу мүмкүн экени айтылды
Sputnik Кыргызстан
Ноябрда АКШда шайлоо аралык шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана сенаттын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт. 20.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-20T11:27+0600
2022-10-20T11:27+0600
2022-10-20T11:27+0600
акш
украина
жардам
шайлоо
өкүл
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1c/1067274143_0:180:3027:1882_1920x0_80_0_0_282850eb9a678e3b6ada235bd14568e6.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Эгер АКШда Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар жеңсе, анда Кошмо Штаттар Украинаны каржылаган булакты жабышы ыктымал. Бул тууралуу партия мүчөлөрүнүн айтымына таянып Axios аттуу басылма жазганын РИА Новости билдирди.Өкүлдөр палатасынын Техас боюнча мүчөсү Майкл Маккол Украинаны каржылоо маселеси боюнча айтып жатып республикачылар жоопкерчилик менен көзөмөлдү күчөтүүгө ыктап жатканын белгилеген. Басылма май айында Өкүлдөр палатасынан 57 республикачы Украинага 40 миллиард долларлык жардам көрсөтүүгө "каршы" добуш бергенин эске салды. Эгер жакында болчу шайлоодо республикачылардын партиясы жеңе турган болсо, бул сан мурдагыдан да өсүшү ыктымал.Ноябрда АКШда шайлоо аралык шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана сенаттын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт. Ал эми президенттик шайлоо 2024-жылга белгиленген.Дүйшөмбү күнү Bloomberg АКШ 12 айдын ичинде экономикалык рецессияга тушугары айтылган божомолун жарыялаган. Украинага каражат бөлүү Конгрессте басымдуулук кылган демократтар менен республикачыларды бир нече ирет араздаштырган. Ал эми сентябрда республикачы Лорен Бойберт АКШ "акча бөлчү банкомат эмес" экенин айткан болчу.
https://sputnik.kg/20221019/evropa-sujloshuugo-dayar-bolup-kalgandaj-1069119278.html
акш
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/1c/1067274143_24:0:2755:2048_1920x0_80_0_0_ab333a110f35f9bf96cc5aad9a97258e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
акш, украина, жардам, шайлоо, өкүл
акш, украина, жардам, шайлоо, өкүл
АКШ кайсы учурда Украинаны каржылоону токтотушу мүмкүн экени айтылды
Ноябрда АКШда шайлоо аралык шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана сенаттын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт.
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Эгер АКШда Өкүлдөр палатасына шайлоодо республикачылар жеңсе, анда Кошмо Штаттар Украинаны каржылаган булакты жабышы ыктымал. Бул тууралуу партия мүчөлөрүнүн айтымына таянып Axios аттуу басылма жазганын
РИА Новости билдирди.
"Баасы асманга чыккан азык-түлүктү, электр энергиясы менен коммуналдык кызматтардын эсебин көргөн соң, чек арага жакын аймакта жашагандар айланасы мигрантка толуп кеткенин көргөн соң Украина ойго да келбей калат", — деген Өкүлдөр палатасынын Түндүк Дакота штатынан мүчөсү Келли Армстронг.
Өкүлдөр палатасынын Техас боюнча мүчөсү Майкл Маккол Украинаны каржылоо маселеси боюнча айтып жатып республикачылар жоопкерчилик менен көзөмөлдү күчөтүүгө ыктап жатканын белгилеген. Басылма май айында Өкүлдөр палатасынан 57 республикачы Украинага 40 миллиард долларлык жардам көрсөтүүгө "каршы" добуш бергенин эске салды. Эгер жакында болчу шайлоодо республикачылардын партиясы жеңе турган болсо, бул сан мурдагыдан да өсүшү ыктымал.
Ноябрда АКШда шайлоо аралык шайлоо өтүп, анын жыйынтыгында Өкүлдөр палатасынын жаңы курамы жана сенаттын үчтөн бир бөлүгү түзүлөт. Ал эми президенттик шайлоо 2024-жылга белгиленген.
Дүйшөмбү күнү Bloomberg АКШ 12 айдын ичинде экономикалык рецессияга тушугары айтылган божомолун жарыялаган. Украинага каражат бөлүү Конгрессте басымдуулук кылган демократтар менен республикачыларды бир нече ирет араздаштырган. Ал эми сентябрда республикачы Лорен Бойберт АКШ "акча бөлчү банкомат эмес" экенин айткан болчу.
19 Тогуздун айы 2022, 12:10