Бишкекте айрым саясатчы, жарандык активисттердин үйү тинтилип жатканы айтылды
12:24 23.10.2022 (Жаңыртылды: 12:39 23.10.2022)
© Sputnik / Табылды КадырбековМилиция кызматкерлери. Архив
![Милиция кызматкерлери. Архив Милиция кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.10.2022](https://sputnik.kg/img/103756/17/1037561729_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_ab74f4b37061dafb370c7e78d51bf64f.jpg)
Жазылуу
ИИМдин маалымат кызматы бул боюнча кийинчерээк кабар берерин билдирди.
БИШКЕК, 23-окт. — Sputnik. Кемпир-Абад суу сактагычынын Өзбекстанга берилишине каршы болгон айрым саясатчы, жарандык активист, блогерлердин үйү тинтилүүдө. Кабарды акыйкатчы Атыр Абдрахматова тастыктады.
Алдын ала маалымат боюнча, милиция Клара Сооронкулова, Асия Сасыкбаева, Жеңиш Молдокматов, Равшан Жээнбеков, Рита Карасартова, Эрлан Бекчороевдердин үйүнө барган. Мындан тышкары, айрымдары РИИБге суракка да чакырылган.
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Клара Сооронкулова
![Клара Сооронкулова Клара Сооронкулова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0c/0c/1050757810_0:29:2048:1394_600x0_80_0_0_e14a214e9f67fa1821a46d764450716e.jpg)
1/5
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Клара Сооронкулова
© Фото / пресс-служба ЖК КР
Асия Сасыкбаева
![Асия Сасыкбаева Асия Сасыкбаева - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/101424/94/1014249448_0:0:1000:667_600x0_80_0_0_d8b47cef5ce827883ccc3d9ec1602607.jpg)
2/5
© Фото / пресс-служба ЖК КР
Асия Сасыкбаева
© Фото / пресс-служа Жогорку Кенеша
Жеңиш Молдокматов
![Жеңиш Молдокматов Жеңиш Молдокматов - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/05/08/1052430173_0:45:1973:1360_600x0_80_0_0_8797023c18e3f99b24946e002891f3ca.jpg)
3/5
© Фото / пресс-служа Жогорку Кенеша
Жеңиш Молдокматов
© Фото / пресс-служба МВД КР
Равшан Жээнбеков
![Равшан Жээнбеков Равшан Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e4/0a/0b/1050014458_0:179:1000:846_600x0_80_0_0_2242d5e67dded9c5f814d41f19ebac3a.jpg)
4/5
© Фото / пресс-служба МВД КР
Равшан Жээнбеков
© Sputnik / Табылды Кадырбеков
Рита Карасартова
![Рита Карасартова Рита Карасартова - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/104138/19/1041381985_0:0:5475:3651_600x0_80_0_0_256ef67c823f08d99d9f2549c4a31ffe.jpg)
Рита Карасартова
1/5
© Фото / пресс-служба ЦИК КР
Клара Сооронкулова
2/5
© Фото / пресс-служба ЖК КР
Асия Сасыкбаева
3/5
© Фото / пресс-служа Жогорку Кенеша
Жеңиш Молдокматов
4/5
© Фото / пресс-служба МВД КР
Равшан Жээнбеков
Рита Карасартова
Абдрахматова кызматкерлерин Аламүдүн, Биринчи май, Свердлов РИИБдерине жибергенин айтты. Ал эми ИИМдин маалымат кызматы бул боюнча кийинчерээк кабар берерин билдирди.
Буга чейин мамлекет башчы Садыр Жапаров чагымчылар Кемпир-Абад боюнча маселени түшүнүп турса дагы элди тескери жакка бурганга аракет кылып жүрүшкөнүн, алардын максаты чыр чыгарып, өлкөгө бүлүк салуу экенин айтып, бийлик андайга жол бербей турганын белгилеген.
Буга чейин УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев талаш болуп келген жерлердин баары Кыргызстанга өткөнүн билдирген. Анын айтканына караганда, келишим ишке ашса Кыргызстан 19 966 гектар жер алат, жалпы жонунан Кыргызстандын картасы 15 806 гектарга кеңейүүдө. Ал үчүн Кемпир-Абад суу сактагычынын алдындагы 4 485 гектар жер өзбек тарапка өтөт.
Келишимдин долбооруна Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети макулдук берген. Бул маселеден кийин суу сактагычтын берилишине каршы болгондор бир нече жолу митингге чыгып, социалдык тармактарда пикирлерин жазышууда. Өткөн жумада бир катар саясатчылар Өзгөнгө барып элдик курултай өткөрүшкөн.