00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Бишкекте урологдор элди акысыз карап, аял-эркек арасында көп тараган дарт айтылды

© Sputnik / РИА НовостиМедик. Иллюстративдик сүрөт
Медик. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 29.10.2022
Жазылуу
Бишкекте урологиялык ооруларды акысыз текшерүү акциясы өттү. Анын жыйынтыгында көп кездешкен оорулар аныкталды.
БИШКЕК, 29-окт. — Sputnik. Бишкек шаарында 24-28-октябрь күндөрү урологиялык ооруларды аныктоо жумалыгы өттү. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги маалымдады.
Анда айтылгандай, мындай иш-чара жыл сайын Улуттук госпиталдын урологдорунун демилгеси менен уюштурулат. Акциянын алкагында Урология борборунун жана үй-бүлөлүк дарыгерлер борборлорунун урологдору келгендерди акысыз кабыл алып, заарасына анализ жүргүзүп, УЗИден өткөрүп, тиешелүү кеңештерин беришкен.
"Акциянын алгачкы күндөрүндө 500 киши медициналык текшерүүдөн өттү. Анда эркектер арасында простатит эң көп аныкталса, аялдар арасында заараны кармай албоо жана бөйрөктөгү киста көп кездешери белгилүү болду. Мындан тышкары, эркектердин тукумсуздугу, заара чыгаруучу каналдардагы таш аныкталды. Мындай учурда бейтаптар андан ары да бардык керектүү текшерүүлөрдөн өтүп, оорусуна ылайык дарыланышы керек", — деди №2 урология бөлүмүнүн башчысы Марлен Кылычбеков.
Буга чейин Саламаттык сактоо министрлиги "Өз ден соолугуңа кам көр" аталышындагы акция өтө тургандыгын маалымдаган. Анын алкагында эл урологиялык ооруларды акысыз текшерте алары айтылган. Мындай акция өлкө аймагында 20 жылдан бери уюштурулуп келет. Быйыл мурдагы жылдардан айырмаланып, урологдордун текшерүүсүнөн эркектер гана эмес, аялдар да өтө алары белгилүү болгон.
Кол кармашып турган аял жана эркек. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.04.2022
Жыныстык катнашка каалоо төмөндөйт. Уролог простатиттин белгилерин тизмектеди
Жаңылыктар түрмөгү
0