https://sputnik.kg/20221031/zher-semirtkich-tankystygy-zharalyshy-mumkun-1069537274.html
Идрисов: кийинки жылы жер семирткич таңсыктыгы жаралышы мүмкүн
Идрисов: кийинки жылы жер семирткич таңсыктыгы жаралышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов... 31.10.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-10-31T15:46+0600
2022-10-31T15:46+0600
2022-10-31T16:02+0600
радио
кыргызстан
жер семирткич
айыл чарба
туратбек идрисов
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1f/1069537380_0:0:3067:1725_1920x0_80_0_0_88da8558af141cff9f99b430dae6128d.jpg
Идрисов: кийинки жылы жер семирткич таңкыстыгы жаралышы мүмкүн
Sputnik Кыргызстан
Идрисов: кийинки жылы жер семирткич таңкыстыгы жаралышы мүмкүн
2023-жылга карата өлкөдө жер семирткич таңсыктыгы жаралышы ыктымал. Ага дүйнөдөгү саясий-экономикалык абал, баалардын өсүшү таасир берет. Бирок так маалымат айтуу кыйын. Бул тууралуу Туратбек Идрисов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, ушул жылдын октябрына карата Кыргызстанга 116 миң тонна жер семирткич алып келинди.Ошондой эле адис акыркы учурларда жерди туура пайдалануу, жер семирткичтерди туура колдонуу маданияты жайыла баштагандыгын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/1f/1069537380_288:0:3017:2047_1920x0_80_0_0_d060a3ac8f549a3a4e40d4f349893493.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жер семирткич, айыл чарба, туратбек идрисов, аудио
кыргызстан, жер семирткич, айыл чарба, туратбек идрисов, аудио
Идрисов: кийинки жылы жер семирткич таңсыктыгы жаралышы мүмкүн
15:46 31.10.2022 (Жаңыртылды: 16:02 31.10.2022) Айыл чарба министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаментинин агрохимия жана көзөмөл бөлүмүнүн башчысы Туратбек Идрисов жер семирткичтердин баасы жогору бойдон сакталышы мүмкүн экенин айтты.
2023-жылга карата өлкөдө жер семирткич таңсыктыгы жаралышы ыктымал. Ага дүйнөдөгү саясий-экономикалык абал, баалардын өсүшү таасир берет. Бирок так маалымат айтуу кыйын. Бул тууралуу Туратбек Идрисов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ушул жылдын октябрына карата Кыргызстанга 116 миң тонна жер семирткич алып келинди.
"Кыргызстанга жалпысынан быйылкыга 276 миң тонна минералдык жер семирткич керектелет. Бул айдоо жерлеринин аянтына жараша эсептелип чыгат. Анын 155 миң тоннасы азоттук, 105 миңи фосфордук жана 17 миңи калийдик жер семирткич катары колдонулат. Ушул жылдын октябрына карата Кыргызстанга 116 миң тонна жер семирткич алып келинди. Агрохимикаттарды чыгарган завод бизде жок болгондуктан, толугу менен импорттон көз карандыбыз. Тактап айтканда, ташылган жер семирткичтердин 70-80 пайызы Өзбекстандан, 15-20 пайызы Россиядан жана 5-10 пайыз Казакстандан алынат. Дүйнөлүк окуяларга байланыштуу быйыл баалар абдан жогору болуп, дыйкандардан нааразычылык болду. 2023-жылга карата өлкөдө жер семирткич таңсыктыгы жаралышы мүмкүн. Ага дүйнөдөгү саясий-экономикалык абал, баалардын өсүшү таасир бериши ыктымал. Бирок так маалымат айтуу кыйын болуп турат", — деди Идрисов.
Ошондой эле адис акыркы учурларда жерди туура пайдалануу, жер семирткичтерди туура колдонуу маданияты жайыла баштагандыгын кошумчалады.