https://sputnik.kg/20221108/kyrgyzstan-saud-araviya-tim-okul-1069775089.html
Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга барышы күтүлүүдө
Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга барышы күтүлүүдө
Sputnik Кыргызстан
Тараптар Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да кеп кылышкан. 08.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-08T11:59+0600
2022-11-08T11:59+0600
2023-10-31T13:35+0600
кыргызстан
тим
өкүл
садыр жапаров
сауд аравиясы
https://sputnik.kg/img/07e6/09/01/1067460031_0:76:2835:1671_1920x0_80_0_0_9545a40998537fcc658e26b8efe645ea.jpg
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабиянын ТИМ башчысынын орун басары Валид Аль-Хурейджи менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.Тараптардын сүйлөшүүсү 7-ноябрда Эр-Риядда өткөн. ТИМ өкүлдөрү эки тараптуу мамиленин жакшы нукта бара жатканын белгилешип, аны саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.Ошондой эле алар Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешип, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууну талкуулашкан.
https://sputnik.kg/20221031/sadyr-zhaparov-birikken-arab-ehmirattary-zholugushuu-kelishim-dokument-1069552526.html
сауд аравиясы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/09/01/1067460031_253:0:2582:1747_1920x0_80_0_0_e76b4e259df964dbfbadcd3b0a2b6d32.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, тим, өкүл, садыр жапаров, сауд аравиясы
кыргызстан, тим, өкүл, садыр жапаров, сауд аравиясы
Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга барышы күтүлүүдө
11:59 08.11.2022 (Жаңыртылды: 13:35 31.10.2023) Тараптар Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлор тууралуу да кеп кылышкан.
БИШКЕК, 8-ноя. — Sputnik. Кыргызстандын тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров Сауд Арабиянын ТИМ башчысынын орун басары Валид Аль-Хурейджи менен жолукканын ТИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Тараптардын сүйлөшүүсү 7-ноябрда Эр-Риядда өткөн. ТИМ өкүлдөрү эки тараптуу мамиленин жакшы нукта бара жатканын белгилешип, аны саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык жаатта мындан ары да өнүктүрүү маселелерин талкуулашкан.
"ТИМ башчыларынын быйылкы расмий сапарларын эске алуу менен тараптар жакын арада Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун Сауд Арабияга расмий сапарын уюштурууга бардык күч-аракетти жумшоону макулдашты", — деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле алар Сауд өнүктүрүү фонду аркылуу Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан инфраструктуралык жана социалдык-экономикалык долбоорлордун маанилүүлүгүн белгилешип, жаңы долбоорлорду алдыга жылдырууну талкуулашкан.
31 Тогуздун айы 2022, 20:57