Каныбек Осмоналиев 69 жашка толду. Олимпиада чемпионунун сүрөттөрү
Каныбек Осмоналиев 69 жашка толду. Олимпиада чемпионунун сүрөттөрү
Sputnik Кыргызстан
Бүгүн олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин туулган күнү. Тарыхый инсан 69 жашка толду. Sputnik Кыргызстан... 19.11.2022, Sputnik Кыргызстан
Каныбек Осмоналиев студент кезинде салмагы 42 килограмм, бою 1 метр 48 сантиметр болуп 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп, машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинген. Ошентип ал 17 жашында оор атлетикага келип, үч жылдан кийин Кыргыз ССРинин чемпиону болгон. Ал спорттогу 13 жыл ичинде дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиондугун багындырып, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган.Осмоналиев 30 жашында чоң спорттон кетип, көп жыл жаштарга машыктыруучу болгон. Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду.Тема боюнча:
Бүгүн олимпиада чемпиону, оор атлетика боюнча дүйнөнүн төрт жолку чемпиону Каныбек Осмоналиевдин туулган күнү. Тарыхый инсан 69 жашка толду. Sputnik Кыргызстан агенттиги атактуу спортчуну куттуктап, анын сүрөттөгү ирмемдерин сунуштайт.
Каныбек Осмоналиев студент кезинде салмагы 42 килограмм, бою 1 метр 48 сантиметр болуп 70 килограммдык штанганы ийинине коюп бир нече жолу көтөрүп, машыктыруучу Семен Иткиндин көзүнө илинген. Ошентип ал 17 жашында оор атлетикага келип, үч жылдан кийин Кыргыз ССРинин чемпиону болгон. Ал спорттогу 13 жыл ичинде дүйнөнүн төрт, Европанын эки жолку чемпиондугун багындырып, 1980-жылы Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Андан сырткары, бир топ эл аралык мелдештерде жеңүүчү аталган.
Осмоналиев 30 жашында чоң спорттон кетип, көп жыл жаштарга машыктыруучу болгон. Даңк, Манас орденинин ээси бүгүн 69 жашка толду.
Жаш жигиттин жөндөмүн машыктыруучу Семен Иткин байкап калып анын устаты болгон. Болочоктогу олимпиада чемпиону 17 жашында оор атлетика менен машыга баштаган
Жаш жигиттин жөндөмүн машыктыруучу Семен Иткин байкап калып анын устаты болгон. Болочоктогу олимпиада чемпиону 17 жашында оор атлетика менен машыга баштаган
Ал 27 жашында Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Сүрөттө Осмоналиевдин атаандаштары кореялык Бонг Чол Хо менен Ген Си Хан күмүш жана коло медаль алган
Ал 27 жашында Москвада өткөн Олимпиадада 52 килограмм салмактагылар арасында алтын тагынган. Сүрөттө Осмоналиевдин атаандаштары кореялык Бонг Чол Хо менен Ген Си Хан күмүш жана коло медаль алган
СССРдин олимпиадалык курама командасынын курамына кирген кыргызстандык спортчулар. Николай Чернецкий, Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова
СССРдин олимпиадалык курама командасынын курамына кирген кыргызстандык спортчулар. Николай Чернецкий, Александр Мелентьев, Каныбек Осмоналиев, Татьяна Колпакова