https://sputnik.kg/20221119/ysyk-k-l-sport-komleks-kurulush-chechim-ministrler-kabineti-1070129834.html
Ысык-Көлдө 20 миллион долларга спорт комплекси курулат
Ысык-Көлдө 20 миллион долларга спорт комплекси курулат
Sputnik Кыргызстан
Комплексте улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк... 19.11.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-11-19T15:43+0600
2022-11-19T15:43+0600
2022-11-19T15:43+0600
ысык-көл
чечим
спорт
комплекс
министрлер кабинети
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/13/1069153615_0:358:2835:1953_1920x0_80_0_0_07301e1cd2c5191912d03a8665aef99a.jpg
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлгө 20 миллион долларлык спорт комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.Чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган. Анда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу үчүн 72,2 гектар жер тилкесин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна берүү каралган.Эл аралык спорт комплексинин курулушун жана тиешелүү инфраструктураны түзүүнү 2023-жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлмөкчү. Аталган комплекстин алдын ала эсептелген наркы 20 миллион долларды түзөт.
https://sputnik.kg/20221117/karakol-aehroportu-rekonstrukciya-1070067614.html
ысык-көл
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0a/13/1069153615_0:0:2675:2006_1920x0_80_0_0_08d4221e125eca9da4c26a8186ae7352.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ысык-көл, чечим, спорт, комплекс, министрлер кабинети, кыргызстан
ысык-көл, чечим, спорт, комплекс, министрлер кабинети, кыргызстан
Ысык-Көлдө 20 миллион долларга спорт комплекси курулат
Комплексте улуттук спорт командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
БИШКЕК, 19-ноя. — Sputnik. Ысык-Көлгө 20 миллион долларлык спорт комплекси курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин маалымат кызматы билдирди.
Чечим министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында кабыл алынган. Анда Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу үчүн 72,2 гектар жер тилкесин Туризмди өнүктүрүүнү колдоо фондуна берүү каралган.
"Бул жер тилкеси ондогон жылдар бою майнаптуу пайдаланылбай, кароосуз калган. Тосор айылына эл аралык спорт комплексин куруу долбоору каралды, анда жыл бою иштей турган көп функционалдуу шарттар түзүлөт. Комплексте улуттук спорттук командаларынын өкүлдөрү жана башка спортчулар спорттун 30дан ашык түрү боюнча жыл бою машыгууга, реабилитациядан өтүүгө мүмкүнчүлүк алышат", — деп айтылат маалыматта.
Эл аралык спорт комплексинин курулушун жана тиешелүү инфраструктураны түзүүнү 2023-жылдын жаз айларында баштоо пландалууда. Иш Туризмди өнүктүрүү фондунун уставдык капиталынын жана тартылган финансылык каражаттардын эсебинен жүргүзүлмөкчү. Аталган комплекстин алдын ала эсептелген наркы 20 миллион долларды түзөт.
17 Жетинин айы 2022, 15:53