00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
6 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:07
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Кеменгер
Жаңы кыргыз кандай болушу шарт?
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
8 мин
Между строк
Любимец классиков: почему русские писатели обожают Чехова?
18:09
37 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ормон хандын 230 жылдыгы белгиленет. Маданият министрлиги даярдыкты баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековОрмон Ниязбек уулунун (Ормон хан). Архивдик сүрөт
Ормон Ниязбек уулунун (Ормон хан). Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.11.2022
Жазылуу
Сарбагыш уруусунун чоң манабы, түндүк кыргыздарынын ханы 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.
БИШКЕК, 24-ноя. — Sputnik. Кыргызстанда Ормон Ниязбек уулунун (Ормон хан) 230 жылдыгы белгиленет. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги билдирди.
Маалыматка ылайык, министрлер кабинетинин чечими менен 2022-2023-жылдары Ормон хандын 230 жылдык мааракесин мамлекеттик деңгээлде өткөрүү боюнча иш план иштелип чыгып, даярдыктар башталды.
Кыргыз элинин тарыхында бараандуу орду бар сарбагыш уруусунун чоң манабы Ормон Ниязбек уулу 1792-жылы Чоң-Кемин өрөөнүндө туулган.
Ал кыргыз урууларын бириктирүүгө көп күч жумшаган. Көздөгөн максатына жетиш үчүн 1830-1831-жылдары солто, сарбагыш, бугу, саяк, черик жана башка уруулардын өкүлдөрүн, Кокон ханынын элчилерин "Жер ортосу" аталган Орто-Токойго атайын жыйынга чакырып хан көтөрүлгөн.
1842, 1843 жана 1851-жылдары Ысык-Көлдөгү, Курткадагы, Чүйдөгү Кокон чептерин талкалатып, Кокон бийлигине оор сокку урган.
1847-жылы Кененсары баштаган казактын кошууну кыргыздарды басып алуу үчүн жортуулга чыккан. Салгылашка бек турган Ормон хан армиясы менен Кененсарыны жеңип бийлигин бекемдеген. Ошондой эле Кокон ханынын аталыгы Мусулманкулдун колун артка кайтарып, Чүй жергесин душмандардан коргогон.
Кыргызстандын эл артисти Келдибек Ниязов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 15.11.2022
Эл артисти Келдибек Ниязовдун 70 жылдыгы белгиленет
Жаңылыктар түрмөгү
0