00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Мамытов: Афганистанда туруктуулук орносо Борбор Азияда тынчтык болот

© Sputnik / Асель СыдыковаКоомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов. Архив
Коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2022
Жазылуу
Коомдук жана саясий ишмер Токон Мамытов региондогу державалар Афганистанда туруктуулук болушуна кызыкдар экенин айтты.
Афганистанда туруктуулук орносо Борбор Азияда тынчтык болот. Ошондуктан аймактагы өлкөлөр аларга колдон келген жардамды берүү керек. Мындай пикирин Токон Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Мамытов: Афганистанда туруктуулук орносо Борбор Азияда тынчтык болот
Анын айтымында, Афганистанда көптөгөн ири өлкөлөрдүн кызыкчылыгы кагылышууда.
"Афганистандын белгилүү жазуучусунун "Афганистан Борбор Азиянын жүрөгү. Ал жакта туруктуулук болсо бүтүндөй аймакта тынчтык болот" дегени бар. Чынында ошондой. Анткени учурда Талибан муунга, көз караштарга карап бир канча топко бөлүнгөн. Алардын арасында "Ислам мамлекетине" кошулгандары, Хорасан халифатын курууну эңсегендери, Афганистанды өнүктүрөбүз дегендери да болду. Булардын ичинен эң коркунучтуулары радикалдуу көз караштагылары жана эч кимге баш ийбеген отряддары. Согуштан башка эч нерсени билбеген 100-500гө чейин тажрыйбалуу аскерлүү командирлер бар. Азыркы бийлик көпчүлүк негизги шаарларды алганы менен алардын күчү Афганистандын булуң-бурчуна жете элек. Ошондуктан жанагындай отряддар эч кимге баш ийбейт. Анан айрым талибдер менен АКШ, бир бөлүгү менен Евросоюз, Англия, Кытай өзүнчө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, ар биринин өз саясий кызыкчылыгы болууда. Башкаларга салыштырмалуу Кытайга Афганистандагы стабилдүүлүк абадай керек. Анткени "Бир алкак, бир жол" долбоорун ишке ашыруу, Афганистан аркылуу перси булуңуна чейин жетиш үчүн аталган өлкөдө тынчтык болушу зарыл. Россия дагы ушундай позицияда. Себеби Афганистандагы коркунуч Борбор Азиядан Урал, Кавказга чейин терс таасирин тийгизип коюшу ыктымал. Мына ошол сырткы күчтөр Афганистанда тынчтык болуш үчүн аларга гуманитардык, социалдык жардам бериши керек. Ошондой эле Борбор Азия өлкөлөрү дагы четте калбай билим берүү жагынан, курулуш материалдарынан болобу көмөктөшүүсү шарт. Анткени афган эли жыргаганынан баңгизат сатып, курал кармап согушкан жок. Эгерде ал жактагы ички көйгөйлөр чечилбесе алардан кооптуулук жарала бериши ыктымал", — деди Мамытов.
Ошондой эле ал туура эмес саясаттан улам Афганистанга эл аралык уюмдардын таасири начар болуп калганын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0