https://sputnik.kg/20221206/braziliya-khorvatiya-cheyrek-finalga-chykty-1070729146.html
Азиянын эки командасы утулуп, Бразилия менен Хорватия чейрек финалга чыкты
Азиянын эки командасы утулуп, Бразилия менен Хорватия чейрек финалга чыкты
Sputnik Кыргызстан
Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы азиялык командалар үчүн ийгиликсиз аяктады. 06.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-06T10:38+0600
2022-12-06T10:38+0600
2022-12-06T10:42+0600
спорт
дүйнөдө
футбол
бразилия
хорватия
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070724079_0:0:3072:1728_1920x0_80_0_0_88d74002c6cf0222796bd50297ac6822.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түндө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыга турган эки команда аныкталды.Япония менен Хорватиянын беттеши бүйүр кызытты. Негизги 90 мүнөттүктө 1:1 эсебинде тең чыгып, кошумча 15 мүнөт берилди. Бирок анда да жеңүүчү аныкталбагандыктан пенальти сериясы дайындалды. Ушул учурда япониялык футболчулар жаза басып каршылаштарынын дарбазасына топ киргизе албай коюшту. Ал эми хорватиялыктар мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок, натыйжада 3:1 эсеби менен жеңип алышты.Андан соң Бразилия менен Түштүк Корея кез келип, 4:1 эсебинде азиялык команда утулуп калды. Бразилиянын оюнчулары Винисиус Жуниор (7-мүнөттө), Неймар (13-мүнөттө пенальтиден) Ришарлисон (29-мүнөттө) жана Пакета (36-мүнөттө) командасын гол менен камсыздады. Ал эми кореялык Пэк Сын Хо 76-мүнөттө бир топ киргизди.Бул оюндардын жыйынтыгында Бразилия менен Хорватия чейрек финалда күч сынаша турган болду.
https://sputnik.kg/20221203/katar-futbol-plehj-off-1070626944.html
бразилия
хорватия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/06/1070724079_244:0:2975:2048_1920x0_80_0_0_b66df380a931150c58918b2bb6ab2138.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
спорт, дүйнөдө, футбол, бразилия, хорватия
спорт, дүйнөдө, футбол, бразилия, хорватия
Азиянын эки командасы утулуп, Бразилия менен Хорватия чейрек финалга чыкты
10:38 06.12.2022 (Жаңыртылды: 10:42 06.12.2022) Дүйнө чемпионатынын 1/8 финалы азиялык командалар үчүн ийгиликсиз аяктады.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Түндө футбол боюнча дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыга турган эки команда аныкталды.
Япония менен Хорватиянын беттеши бүйүр кызытты. Негизги 90 мүнөттүктө 1:1 эсебинде тең чыгып, кошумча 15 мүнөт берилди. Бирок анда да жеңүүчү аныкталбагандыктан пенальти сериясы дайындалды. Ушул учурда япониялык футболчулар жаза басып каршылаштарынын дарбазасына топ киргизе албай коюшту. Ал эми хорватиялыктар мүмкүнчүлүктү колдон чыгарган жок, натыйжада 3:1 эсеби менен жеңип алышты.
Андан соң Бразилия менен Түштүк Корея кез келип, 4:1 эсебинде азиялык команда утулуп калды. Бразилиянын оюнчулары Винисиус Жуниор (7-мүнөттө), Неймар (13-мүнөттө пенальтиден) Ришарлисон (29-мүнөттө) жана Пакета (36-мүнөттө) командасын гол менен камсыздады. Ал эми кореялык Пэк Сын Хо 76-мүнөттө бир топ киргизди.
Бул оюндардын жыйынтыгында Бразилия менен Хорватия чейрек финалда күч сынаша турган болду.