https://sputnik.kg/20221206/putin-menen-s-zhaparov-telefondon-suyloshtu-1070743278.html
Путин менен Жапаров телефондон сүйлөштү. Эмне кеп болду
Путин менен Жапаров телефондон сүйлөштү. Эмне кеп болду
Sputnik Кыргызстан
Жапаров россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирген. 06.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-06T15:10+0600
2022-12-06T15:10+0600
2022-12-06T15:10+0600
кыргызстан
россия
садыр жапаров
владимир путин
туулган күн
куттуктоо
саммит
https://sputnik.kg/img/07e6/01/07/1061060734_0:130:2835:1725_1920x0_80_0_0_956cd514324f55a06c89d76cb821c989.jpg
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.Путин Жапаровду алгач туулган күнү менен куттуктап жана 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин сүйлөшкөн.Жапаров россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык айткан. Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирген."Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.Эске салсак, ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.
https://sputnik.kg/20221206/si-tszinpin-sadyr-zhaparovdu-tuulgan-kunu-menen-kuttuktady-1070741662.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/01/07/1061060734_176:0:2648:1854_1920x0_80_0_0_8ccdce5d374c996cbe187ce0a5f01d48.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, садыр жапаров, владимир путин, туулган күн, куттуктоо, саммит
кыргызстан, россия, садыр жапаров, владимир путин, туулган күн, куттуктоо, саммит
Путин менен Жапаров телефондон сүйлөштү. Эмне кеп болду
Жапаров россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык билдирген.
БИШКЕК, 6-дек. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров Россия лидери Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Путин Жапаровду алгач туулган күнү менен куттуктап жана 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин сүйлөшкөн.
"Жылуу баарлашууда учурдан пайдаланып Владимир Путин Садыр Жапаровду туулган күнү менен куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт, бакубатчылык жана жооптуу ишинде мындан аркы ийгиликтерди каалады", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Жапаров россиялык кесиптешине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолору жана жылуу каалоолору үчүн ыраазычылык айткан. Ал Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы көп кырдуу кызматташтык эки өлкөнүн элинин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да алдыга өнүгүп, чыңдала берерине ишенимин билдирген.
"Мамлекет башчылар ошондой эле кыргыз-россия эки тараптуу кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле 9-декабрда Бишкекте өтө турган Жогорку евразиялык экономикалык кеңештин жыйынынын күн тартибин талкуулашты", — деп айтылат маалыматта.
Эске салсак, ЕАЭБ мамлекеттеринин жетекчилеринин саммити 9-декабрь күнү Бишкекте өтөт. Быйыл уюмга Кыргызстан төрагалык кылууда.