https://sputnik.kg/20221210/rossiya-migratsiya-zhugushtuu-ooru-kyrgyzstandyk-anyktoo-1070886043.html
Россияда кошумча текшерилген КР жарандарынын жарымынан жугуштуу оору чыкты
Россияда кошумча текшерилген КР жарандарынын жарымынан жугуштуу оору чыкты
Sputnik Кыргызстан
Жолугушууда мекендештердин медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр талкууланган. 10.12.2022, Sputnik Кыргызстан
2022-12-10T09:18+0600
2022-12-10T09:18+0600
2022-12-10T09:18+0600
кыргызстан
миграция
россия
элчилик
медициналык текшерүү
жугуштуу оорулар
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/09/1070904510_453:660:2920:2048_1920x0_80_0_0_e8500e33bd52d5a596e0244765870bcd.jpg
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги миграциялык талаптар боюнча 152 миң кыргызстандык медициналык кароодон өткөнүн билдирди.Консул Манас Жолдошбеков Москванын Дерматовенерология жана косметология илимий-практикалык борборунун директору Николай Потекаев жана Саламаттык сактоо чөйрөсүнө көзөмөл федералдык кызматынын Москва шаары жана облусундагы жетекчиси Роман Курынин менен жолугушкан.Анда Кыргызстандын жарандарынын медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр талкууланган.Консул жугуштуу оорулар боюнча кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберилип жаткан мекендештердин санынын көптүгүнө, текшерүүнүн жыйынтыгынан күмөн саноолор боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул жагдай Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.Аягында бардык келип түшкөн арыздарды объективдүү жана ар тараптуу текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашылган.Белгилей кетсек, быйыл Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык 2021-жылдын 29-декабрына чейин келген чет элдиктер манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүшү керек.
https://sputnik.kg/20221201/rossiya-kyrgyzstandyk-migrant-zhol-zhobodon-1070569303.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2022
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/0c/09/1070904510_776:655:2633:2048_1920x0_80_0_0_b338f49e3e581f647272ab314e9966a0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, миграция, россия, элчилик, медициналык текшерүү, жугуштуу оорулар
кыргызстан, миграция, россия, элчилик, медициналык текшерүү, жугуштуу оорулар
Россияда кошумча текшерилген КР жарандарынын жарымынан жугуштуу оору чыкты
Жолугушууда мекендештердин медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр талкууланган.
БИШКЕК, 10-дек. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги миграциялык талаптар боюнча 152 миң кыргызстандык медициналык кароодон өткөнүн билдирди.
Консул Манас Жолдошбеков Москванын Дерматовенерология жана косметология илимий-практикалык борборунун директору Николай Потекаев жана Саламаттык сактоо чөйрөсүнө көзөмөл федералдык кызматынын Москва шаары жана облусундагы жетекчиси Роман Курынин менен жолугушкан.
Анда Кыргызстандын жарандарынын медициналык текшерүүдөн өтүүсүнө байланыштуу көйгөйлөр талкууланган.
Консул жугуштуу оорулар боюнча кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберилип жаткан мекендештердин санынын көптүгүнө, текшерүүнүн жыйынтыгынан күмөн саноолор боюнча тынчсыздануусун билдирди. Бул жагдай Кыргызстандын жарандарынын укуктук абалына терс таасирин тийгизип жатканын белгиледи.
"Өз кезегинде Москванын Саламаттык сактоо департаментинин өкүлдөрү жугуштуу ооруга шек саналган учурда чет өлкөлүк жарандардын кошумча медициналык текшерүүдөн өтүшүнө, инфекциялык оорусу бар экени далилденсе белгиленген тартипте дарылануусу боюнча түшүндүрмө беришти. Ошондой эле быйыл 11 айда Кыргызстандын 152 миңге жакын жараны медициналык кароодон өтүп, анын 2500ү кошумча (тереңдетилген) текшерүүгө жиберилгенин билдирди. Жыйынтыгында кошумча текшерилгендердин 50 пайызында жугуштуу оору аныкталган", — деп жазылат элчиликтин маалыматында.
Аягында бардык келип түшкөн арыздарды объективдүү жана ар тараптуу текшерүүдөн өткөрүү боюнча макулдашылган.
Белгилей кетсек, быйыл Россиянын мыйзамдарына өзгөртүүлөр киргизилген, ага ылайык 2021-жылдын 29-декабрына чейин келген чет элдиктер манжа изин калтырып, сүрөткө түшүп, медициналык кароодон өтүшү керек.