00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
5 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
20:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Без страховки никуда: ЖК одобрил закон о страховке жилья от ЧП и пожаров
08:04
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Биринчи жолу "Санарип дыйкан 2025" форуму өтөт — жасалма интеллект, инновациялык технологиялар
09:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Как ЕАЭС вписывается в изменяющуюся мировую картину?
10:04
39 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Салык реформасындагы акыркы өзгөртүүлөр — бизнес ээлерине кандай таасир этет?
11:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Физика и математика в увлекательном формате: Кыргызстан в проекте «Сила ума»
12:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Особый акцент
ЕАЭБде атаандаштык жана монополияга каршы жөнгө салуу — Мыйзамдарды шайкеш келтирүү кайсы этапта?
13:05
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лечебный массаж: когда он необходим и как работает?
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Протекционизм учурдагы дүйнөлүк экономикага керекпи?
17:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Национальная олимпиада по точным наукам: как формируется интеллектуальный резерв Кыргызстана
18:07
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуу Ата Мекендик согуш темасы мектептерде кандай окутулууда?
19:06
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Өлкөгө кирген инвестициялар көбөйүп, чыккан инвестиция кыйла азайды
21:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Кочкордо кылмышкерди калкалаган окуя. 9 жетекчи иштен алынып, 22 кызматкер жазаланды

© Sputnik / Жоомарт Ураимов Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив
Милиция кызматкеринин фуражкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.12.2022
Жазылуу
Министрлик мындан башка да бир катар фактылар жер-жерлерден аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесстери жүрөрүн билдирди.
БИШКЕК, 27-дек. — Sputnik. Кочкордо кафе ээлеринен акча талап кылган кылмыштуу топтун мүчөлөрүн калкалоо окуясы боюнча Нарын облустук милициясынын жетекчилиги кызматтан алынганын ИИМ кабарлады.
Эскерте кетсек, 24-декабрда чекисттер Кочкор районундагы кафенин ээсин опузалап айына 1000 доллардан берип турушун талап кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүн кармаган. Аларды калкалап, ишти жабууга аракет кылган деп райондук милициянын жетекчилиги да колго түшкөн.
Аталган окуя боюнча онлайн-кеңешме өтүп, Кочкор райондук ички иштер бөлүмүнүн эле эмес, бүт Нарын милициясынын да жоопкерчилиги каралган.
Кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен жазаланган жетекчилер жана кызматкерлер:
Нарын ОИИБдин начальниги, милициянын полковниги А.Джумабеков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
Нарын ОИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын полковниги А.Кудайбердиевге, Нарын ОИИБдин начальнигинин кызмат боюнча орун басары, милициянын полковниги Р.Мурзакматовго, Нарын ОИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басары, милициянын полковниги М.Турпанбаевге жана Нарын ОИИБ Штабынын начальниги, милициянын полковниги А.Токтосуновго “катуу сөгүш” тартиптик жазасы берилди;
Нарын ОИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги А.Усеналиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
ИИМдин кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Оролбек Акпаровго “сөгүш” жарыяланды;
ИИМдин уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын Нарын жана Ысык-Көл облусу боюнча начальниги, милициянын майору А.Билдебаев, ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү башкармалыгынын ага ыкчам өкүлү, милициянын подполковниги Э.Токтосун уулу, ыкчам өкүл, милициянын капитаны Б.Асанов, ыкчам өкүл, милициянын капитаны А.Маратбек уулу ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду;
Нарын ОИИБдин ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлү, милициянын майору У.Омоков ээлеген кызмат ордунан бошотулду;
Кочкор РИИБдин начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу Б.Эрменовго “катуу сөгүш” жарыяланды;
Кочкор РИИБдин начальнигинин орун басарынын милдетин убактылуу аткаруучу-коомдук коопсуздук кызматынын начальниги милициянын подполковниги К.Садыбакасов менен Кочкор РИИБдин начальнигинин кадрлар боюнча орун басары милициянын подполковниги Н.Садыровго “катуу сөгүш” жарыяланды;
2022-жылдын 7-ноябрында Кочкор РИИБдин жетекчиликтен жоопкерчиликтүү, милициянын айылдык бөлүмчөсүнүн начальниги милициянын капитаны А.Абдыкеев, Кочкор РИИБдин тергөө кызматынын тергөөчүсү, милициянын капитаны А.Капаров, Кочкор РИИБдин аймактык тескөөчүсү, милициянын капитаны А.Мурзабек уулу ички иштер органдарынын катарынын биротоло бошотулду;
Ал эми Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн ыкчам нөөмөтчүсү, милициянын ага лейтенанты З.Кожокматов, Кочкор РИИБдин нөөмөт бөлүгүнүн нөөмөтчүсүнүн жардамчысы, милициянын ага прапорщиги Ч.Иманалиев ээлеген кызмат ордунан бошотулду.
Жыйынтыктап айтканда, жалпысынан 22 кызматкер тартип жазасына тартылды, ээлеген кызмат ордунан 9 кызматкер бошотулду, үч кызматкер ички иштер органдарынын катарынан бошотулду, калгандары жогоруда аталган тартип жазаларын алышты.
Министрлик мындан тышкары да бир катар фактылар жер-жерлерден аныкталып, мыйзам чегинде жоопко тартуу процесстери жүрөрүн билдирди.
Эркек киши. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 26.12.2022
Кочкордо кафенин ээсин опузалады деп кармалган "Хан" кечирим сурады. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0