https://sputnik.kg/20230124/chuydo-ayaldar-akysyz-teksheruudon-otot-1072264820.html
Чүйдө аялдар 3 күн эмчек, жатын рагына акысыз текшерүүдөн өтүшөт
Чүйдө аялдар 3 күн эмчек, жатын рагына акысыз текшерүүдөн өтүшөт
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын жаңы 5,5 миң учуру катталары маалым болду. 24.01.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-01-24T08:35+0600
2023-01-24T08:35+0600
2023-01-24T08:35+0600
медицина
кыргызстан
рак
аныктоо
текшерүү
акысыз
https://sputnik.kg/img/104707/57/1047075784_0:285:2377:1622_1920x0_80_0_0_09a93f3cbf5230aa13bee6afabd09e66.jpg
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чүй облусунда жашаган аялдар 25-27-январь күндөрү онкологиялык ооруларга акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.Маалыматка ылайык, 25тен 60 жашка чейинки аялдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна саат 12:00дөн 16:00гө чейин барып кайрылса болот. Анда эмчек, жатын моюнчасынын рагынын белгилери бар-жогун аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Кенен маалымат алуу үчүн (0312) 333105 номерине кайрылуу сунушталды.Мындай акция Ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата бул илдетти алдын алуу жана өрчүп кетишине жол бербөө максатында уюштурулууда. Ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миң жаңы учуру катталарын белгиледи.
https://sputnik.kg/20230122/onkolog-ayaldar-mildett-oto-turgan-teksher-lor-tizme-1072218314.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104707/57/1047075784_0:0:2197:1648_1920x0_80_0_0_492fb48a587d4641bafc35c34464c8f3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
медицина, кыргызстан, рак, аныктоо, текшерүү, акысыз
медицина, кыргызстан, рак, аныктоо, текшерүү, акысыз
Чүйдө аялдар 3 күн эмчек, жатын рагына акысыз текшерүүдөн өтүшөт
Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын жаңы 5,5 миң учуру катталары маалым болду.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Чүй облусунда жашаган аялдар 25-27-январь күндөрү онкологиялык ооруларга акысыз текшерүүдөн өтө алышат. Бул туурасында Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Ден соолукту чыңдоо борбору билдирди.
Маалыматка ылайык, 25тен 60 жашка чейинки аялдар Чүй облустук үй-бүлөлүк медицина борборуна, Лебединовка айылындагы Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна саат 12:00дөн 16:00гө чейин барып кайрылса болот. Анда эмчек, жатын моюнчасынын рагынын белгилери бар-жогун аныктоо үчүн медициналык кароодон өтүшөт. Кенен маалымат алуу үчүн (0312) 333105 номерине кайрылуу сунушталды.
Мындай акция Ракка каршы күрөшүүнүн дүйнөлүк күнүнө карата бул илдетти алдын алуу жана өрчүп кетишине жол бербөө максатында уюштурулууда. Ден соолукту чыңдоо борбору Кыргызстанда жыл сайын онкологиялык оорулардын 5,5 миң жаңы учуру катталарын белгиледи.