00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Эрдоган: Швеция НАТОго кирүү маселесинде биздин колдообузду күтпөй эле койсун

© AP Photo / Olivier MatthysБрюссельдеги НАТОнун штаб квартирасы. Архив
Брюссельдеги НАТОнун штаб квартирасы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.01.2023
Жазылуу
Ошол эле учурда Ак үй Түркия менен болгон чыр-чатакка карабай АКШ Швециянын НАТОго кошулушун күтүп жатканын билдирди.
БИШКЕК, 24-янв. — Sputnik. Стокгольмдогу түрктөргө жана исламга каршы акциялардан кийин Швеция НАТОго кошулуу үчүн Түркиянын макулдугун күтпөй эле койсо болот. Бул тууралуу президент Режеп Тайип Эрдоган өкмөт жыйынынан кийин элге кайрылуусунда билдиргенин РИА Новости жазды.
"Эгер мындай аракеттерге жол берсеңер, анда таарынбагыла. НАТОго кирүү маселеси боюнча бизден колдоо таппайсыңар. Швециянын жетекчилиги биздин колдообузду күтпөй эле койсо болот", — деди мамлекет башчы Эрдоган.
Анын айтымында, мындай аракеттерге жол бергендер жасаган иштери үчүн жооп бериши керек.
Ошол эле учурда Ак үйдүн расмий өкүлү Карин Жан-Пьер Түркия менен болгон чыр-чатакка карабай АКШ Швециянын НАТОго кошулушун күтүп жатканын билдирди.
"Биз НАТО Швеция менен Финляндияны кабыл алат деп күтөбүз", — деди Жан-Пьер. 
Ал Финляндия менен Швеция НАТОго мүчө болууга, ал үчүн бардык талаптарды аткарууга даяр экендигин жана Түркия менен үч тараптуу келишимди ишке ашырууга кадам ташталгандыгын белгилеген.
Эске салсак, Стокгольмдо ашынган оңчул саясатчы Расмус Палудан Түркиянын элчилигинин алдында Куранды өрттөгөн. ЖКМлар ал муну кылуу үчүн Швеция бийлигинен уруксат алганын жазышкан. Палудан "Түркияга чыныгы сөз эркиндигин көрсөтүүнү" каалаганын айткан.
Түркиянын Тышкы иштер министрлиги Курандын өрттөлүшү Европадагы исламофобия, расизм жана дискриминациянын деңгээлин тастыктап, Швеция НАТОго кошулуу боюнча кол койгон үч тараптуу меморандумдун милдеттенмелерине карама-каршы келерин билдирди.
Швеция менен Финляндия 2022-жылдын 18-майында Украинадагы окуялардан улам аскердик блокко кошулууну чечишкен. Алардын арыздарын Венгрия менен Түркиядан башка альянстын 30 өлкөсүнүн 28и буга чейин жактырган.
Анкара Стокгольм менен Хельсинкиден Күрдстан жумушчу партиясын колдоону токтотууну жана Түркияда террорчулукка тиешеси бар деп эсептелген активисттерди экстрадициялоону талап кылууда. Түрк бийлиги бул убадалар аткарылмайынча түндүк өлкөлөрүн НАТОго кабыл алууда жылыш болбойт деп бир нече жолу билдирген.
Түркиянын желеги. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.01.2023
Стокгольмдо Курандын өрттөлүшү. Түркия Швецияны НАТОго мүчөлүккө вето коюуну эскертти
Жаңылыктар түрмөгү
0