00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
6 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
ОГО!
Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
14:04
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Көз мончок
Туура макияж жасоонун сырлары — быйыл кандай макияж модада?
15:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
ПРООН мектепте окуучуларга тамак уюштурууда 900 мектепти камсыздайт
17:31
26 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Киноблог
Нуар под дождем: режиссер о необычном проекте
18:06
46 мин
Новости науки и новых технологий
Что будет с нашим Солнцем через миллиарды лет?
18:52
4 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Менингит нерв системасын жабыркатып, адамды майып кылат. Түшүндүрмө

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологу Малика Уралиева
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологу Малика Уралиева - Sputnik Кыргызстан, 1920, 10.03.2023
Жазылуу
Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун эпидемиологу Малика Уралиева менингитти үй шартында өз алдынча дарылоого болбой турганын айтты.
2022-жылы менингококк инфекциясы менен 31 бейтап катталган. Ал эми быйыл 2023-жылдын январь айынан ушул убакытка чейин 11 бейтап менингит менен ооруп калганы аныкталды. Анын ичинен эки өспүрүм каза тапты. Анткени бейтаптар ооруканага өтө кеч кайрылышкан. Бул тууралуу Малика Уралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Менингит нерв системасын жабыркатып, адамды майып кылат. Түшүндүрмө
Анын айтымында, менингококк ар 8 жылда бир активдешет.
"Менингит — бул мээнин чел кабыгынын сезгениши. Илдет кыш-жаз мезгилинде күчөйт. Себеби бул кезде иммунитет начарлап, абанын нымдуулугу жогорулайт. Мезгилдик ооруга климаттык шарттар, температуранын кескин өзгөрүшү, жогорку нымдуулук сыяктуу факторлор таасир этет. Менингиттин бактериялык жана вирустук эки түрү бар. Бактериялык менингитти пневмококк, менингококк, стрептококк козгойт. Ал эми вирустук менингит кандайдыр бир инфекциялык оорулардан улам пайда болот. Оору аба аркылуу жугат. Адамдын башы ооруп, кусуп, кээде эсин жоготуп, дене табы 40-41 градуска көтөрүлгөндөн тышкары желке тырышып, адамдын ээги көкүрөгүнө жетпей калат. Ошондой эле денеде белден ылдый бүртүкчөлөр пайда болот. Өз учурунда дарыгерге кайрылып чара көрбөсө тез эле адамды өлүмгө кептейт. Ошондой эле ал жүлүн аркылуу нерв системасын жабыркатып, адамды майып кылышы ыктымал. Менингит дартын аныктоодо жүлүн суусунан, кичинекей тилченин арткы бөлүгүнөн мазок алынат. Аталган ооруну дары-дармектин жардамы менен дарылоо иши врач-инфекционисттин көзөмөлүндө өтөт. Үй шартында өз алдынча дарылоо мүмкүн эмес. Сакайгандан кийин бул бейтаптар эки жыл диспансердик каттоодо турушат. Биринчи жылы ар бир үч ай сайын дарыгердин кароосунда болот, кийинки жылы алты айда бир келет. Эгерде акыбалы жакшы болсо, анда каттоодон чыгарылат. Кайрадан кабылдоо байкалса дарылоо улана берет", — деди Уралиева.
Ал менингитке каршы вакцина жеке клиникаларда сайыларын, ал эми Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борбору Саламаттык сактоо министрлигине кат жөнөтүп, каражат бөлдүрүп тобокел тобундагы балдарды эмдетерин кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0