https://sputnik.kg/20230310/ozbekstan-barymtaga-alyngan-kyrgyzstandyk-1073479676.html
Өзбекстанда 5 ай бою барымтада кармалган кыргызстандык алып келинди. Видео
Өзбекстанда 5 ай бою барымтада кармалган кыргызстандык алып келинди. Видео
Sputnik Кыргызстан
Жабырлануучуну бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан. 10.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-10T11:05+0600
2023-03-10T11:05+0600
2023-03-10T11:06+0600
кыргызстан
өзбекстан
окуялар
уурдоо
барымта
жабырлануучу
укмк
видео
https://sputnik.kg/img/102943/55/1029435533_0:317:6017:3701_1920x0_80_0_0_fd4b417c7bd058f93e2446fafe9f3a5a.jpg
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Уурдалып беш ай бою Өзбекстанда барымтада кармалып жаткан Кыргызстандын жараны мекенине алып келинди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.Билдирүүгө ылайык, О.Т.Т. аттуу кыргызстандыкты Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу тургундары уурдап кеткен. Алар УКМК менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биргелешкен ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле аймактан кармалган.Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
https://sputnik.kg/20230310/kayrat-chokeev-karmaldy-1073477137.html
өзбекстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/102943/55/1029435533_330:0:5685:4016_1920x0_80_0_0_483beae75be2d69fd0a4dc0dfce187aa.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, өзбекстан, окуялар, уурдоо, барымта, жабырлануучу, укмк, видео
кыргызстан, өзбекстан, окуялар, уурдоо, барымта, жабырлануучу, укмк, видео
Өзбекстанда 5 ай бою барымтада кармалган кыргызстандык алып келинди. Видео
11:05 10.03.2023 (Жаңыртылды: 11:06 10.03.2023) Жабырлануучуну бошотуу үчүн жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан.
БИШКЕК, 10-мар. — Sputnik. Уурдалып беш ай бою Өзбекстанда барымтада кармалып жаткан Кыргызстандын жараны мекенине алып келинди. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, О.Т.Т. аттуу кыргызстандыкты Наманган облусунун У.У.З. жана Б.К.И. аттуу тургундары уурдап кеткен. Алар УКМК менен Өзбекстандын Мамлекеттик коопсуздук кызматынын биргелешкен ыкчам-издөө иштеринин жүрүшүндө ушул эле аймактан кармалган.
"28-февралда жабырлануучунун карындашы жардам сурап УКМКга кайрылган. Такталгандай, жогоруда кармалган коңшу өлкөнүн жарандары 2022-жылдын 23-октябрында алдоо жолу менен Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун аймагында жайгашкан "Баймак" өткөрмө пункту аркылуу кыргызстандыкты Өзбекстанга алып өтүп кетишкен. Андан соң алар барымтада беш ай кармап, жакын туугандарынан 50 миң доллар талап кылышкан. Жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 7-мартта уурдалган О.Т.Т. Кыргызстанга алып келинди", — деп айтылат маалыматта.
Өзбекстан Мамлекеттик коопсуздук кызматы тарабынан кармалгандарды кылмыш жоопкерчилигине тартуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлүп жатканы белгиленди.
10 Жалган Куран 2023, 10:05