00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Максимальный репост
16:04
45 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ачык кеп
ВИЧ менен ооругандардын арасында жаңы төрөлгөн баладан карыяларга чейин бар
23:04
44 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Калпакты бергениң — башыңды кошо бергениң. Баш кийимдин сыры тууралуу

© Sputnik / Асель СыдыковаЭлТР МТРКнын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков. Архив
ЭлТР МТРКнын Мурас сабаты көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.03.2023
Жазылуу
ЭлТР МТРКнын "Мурас сабаты" көрсөтүүсүнүн автору, журналист Жыпарбек Абдыразаков калпактын сырлары жана мааниси тууралуу айтып берди.
Кыргыздар калпакты башкаларга кийгизген эмес, керек болсо карматуудан да баш тартышкан. Бул тууралуу Жыпарбек Абдыразаков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Калпакты бергениң — башыңды кошо бергениң. Баш кийимдин сыры тууралуу
Анын айтымында, баш кийимди бирөөгө берген учурда дөөлөт, кут качат.
"Кыргызда калпак негизинен ак-кара түстө болот. Кээ бир жигиттер кийизи да, баары кызыл болгон калпак кийип жүрүшөт. Дегеле мындай түстөгү калпак болгон эмес. Эгер салыштырмалуу айтсак, ал жаман белги. Анткени кыргыздар кыйын учурга кептелгенде жоого жарактуу азаматтар баштарына кызыл жоолук байланышкан. Бул – башымды канжыгага байладым, артка жол жок деген түшүнүк. Бул кызыл калпак ошол түс менен үндөшүп, анын тилеги жаман болуп жатпайбы. Калпактын төбөсүн басып кийүү – бул басынтуу. Эми кээ бир замандаштарыбыздын билбестиктен калпагынын төбөсүн басып кийген учурлары да кездешет. Бул да туура эмес. Эмне үчүн? Кыргыздын байыркы көчмөн жашоосунда уруулар бири-бирин чаап алган кези да көп болгон. Ошондо чабылган уруудагылар калпагынын төбөсүн басып кийип жүрүшкөн. Анткени үстөмдүк кылган уруу аларга ушундай талап койгон. Кыргыздар калпакты башкаларга кийгизген эмес, керек болсо карматуудан да баш тартышкан. Анткени калпакты бергениң башыңды кошо бергениң менен барабар. Мындай учурда дөөлөт, кут качат. Ошол эле учурда калпакты куда-сөөккө, досторго да берген эмес. Ар ким мартабасына жараша суусар, түлкү тебетей кийгизип, чепкен жапкан. Айталы, кыргызда кийизи да, кыюусу да кара калпакты аялы каза болгон кишиге кийгизишкен. Азасы бар адам экенин туюнтуп, ага башкалар урмат-сый менен мамиле кылышкан. Ошол эле учурда ага жар табууга шарт түзгөн. Эгерде эр адамдын өзүнөн улуу жакын туугандарынан көз жумса, ал калпагынын алды жагын түшүрүп кийген", — деди Абдыразаков.
Ал ошондой эле калпактын артын түшүрүү өзүнөн жаш, артын улай тургандардан каза болгонун түшүндүргөнүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0