00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Абиров катышкан мушташ: депутат Алимжанов досунун жоругу үчүн кечирим сурады

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаты Фархад Алимжанов
Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Алимжанов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
Жазылуу
Эл өкүлү досун коргоп жатканы үчүн ага карата жаман сөздөр айтылышы мүмкүндүгүн, буга ар бир адамдын акысы бар экенин белгиледи.
БИШКЕК, 14-мар. – Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Фархад Алимжанов мушташка катышкан кесиптеши, досу Жаныбек Абировдун жоругу үчүн жабырлануучунун жакындарынан жана элден кечирим сурады. Ал мындай пикирин соцтармакка жазды.
"Бул постту досум, кесиптешим Жаныбек Болотбековичке арнагым келет. Мен унчукпай четте карап тура албайм. Окуяны жакшы деп айтпайм, баланын апасынан, жакындарынан, бардык кыргызстандыктардан кечирим сурайм. Кечиримдүү бололу. Учурда жабырлануучунун энеси жана коомчулуктун кечиргени маанилүү", - деди депутат.
Эл өкүлү досун коргоп жатканы үчүн ага карата жаман сөздөр айтылышы мүмкүндүгүн, буга ар бир адамдын акысы бар экенин белгиледи.
"Бирок мен айкөл элибиз андай нерседен жогору туруп, гумандуулук кыларына ишенем. Биздин досубуз Жаныбек мырзанын өлкөнү өнүктүрүүгө багытталган чоң пландары бар. Ал өзүнүн амбициялуу командасы менен биргеликте ишке ашырганы жаткан креативдүү жана инновациялык пландары бар экенин билем. Биз жаш, келечектүү саясатчынын тагдыры бир катасы үчүн талкаланышына жол бербешибиз керек. Ыйык Рамазан айынын алдында баарыбыз бири-бирибизди кечирсек туура болот деп ойлойм. Эл уулун кечирет деп ишенем!" – деди Алимжанов.
Депутат кырсык айтпай келерин кошумчалады.
Эске салсак, 12-мартта социалдык тармактарга ЖК депутаты Жаныбек Абировго окшогон адамдын бир нече кишилер менен мушташка аралашып, бир адамды сабап жаткан видеосу тараган.
Андан сырткары, социалдык тармактарга күзөт агенттигинде иштеген, аты аталбаган кишинин чатакка байланыштуу билдирүүсү жазылган. Анда ресторанга чакырык менен жетип барган ыкчам аракетке келүүчү топтун эки кызматкерин ошол жерде онго чукул адамдын сабаганы айтылган.
Октябрь райондук ИИБ 12-мартта милицияга жабырланган Д.А. аттуу киши кайрылгандыгын билдирди. Жабырлануучуну болжол менен саат 03:30да Элебаев көчөсүндөгү ресторанда белгисиз киши сабагандыгын билдирген. Ал адам башынан жаракат алып ооруканага кайрылганы, учурда текшерүү башталып, тергөө жүрүп жатканы айтылган.
Ал арада президент Садыр Жапаровго мушташуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Жаныбек Абиров тарабынан жарандын сабалуу фактысы тууралуу маалымдалган. Ал Ички иштер министрлигине болгон окуяны ар тараптуу иликтөөнү тапшырган. Кийин окуяга шектүү эки киши кармалган.
Бүгүн Жаныбек Абиров соцтармак аркылуу үн катып, жабылануучудан, жакындарынан, шайлоочуларынан жана жалпы кыргыз элинен кечирим сурады.
Сом купюралары жана монеталары. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.03.2023
781 млн. сомго көбөйтүлгөн айлык: Бишкек мэриясы Башкы прокуратурага жооп берди
Жаңылыктар түрмөгү
0