https://sputnik.kg/20230315/koz-darygeri-nachar-k-ruunu-aldyn-aluunun-zholdorun-ajtty-1073595365.html
Жасалма кирпик тагуу көрүүнү начарлатабы? Көз дарыгердин жообу
Жасалма кирпик тагуу көрүүнү начарлатабы? Көз дарыгердин жообу
Sputnik Кыргызстан
Көз дарыгери Кундуз Бекбоева начар көрүп калбаш үчүн эмнелерди эске алуу керектигин айтты. 15.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-15T13:06+0600
2023-03-15T13:06+0600
2023-03-15T13:06+0600
радио
медицина
көз
дарыгер
чара көрүү
кундуз бекбоева
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0f/1073595005_0:162:3067:1887_1920x0_80_0_0_aafbbe1fd100e5341223d45df39c1669.jpg
Жасалма кирпик тагуу көрүүнү начарлатабы? Көз дарыгердин жообу
Sputnik Кыргызстан
Жасалма кирпик тагуу көрүүнү начарлатабы? Көз дарыгердин жообу
Китеп окуп жаткан учурда көз менен китептин аралыгы 30 сантиметрди түзүш керек. Бул тууралуу Кундуз Бекбоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, көздүн чарчаганы сезилгенде сөзсүз 10-20 секундага терезени карап, көздү эс алдырып туруу абдан маанилүү.Ал ошондой эле кечке эле бир түстү карай берүү да көздү чарчата турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/0f/1073595005_16:0:2745:2047_1920x0_80_0_0_36c43f78d0494401461786e611cccdec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
медицина, көз, дарыгер, чара көрүү, кундуз бекбоева, аудио
медицина, көз, дарыгер, чара көрүү, кундуз бекбоева, аудио
Жасалма кирпик тагуу көрүүнү начарлатабы? Көз дарыгердин жообу
Көз дарыгери Кундуз Бекбоева начар көрүп калбаш үчүн эмнелерди эске алуу керектигин айтты.
Китеп окуп жаткан учурда көз менен китептин аралыгы 30 сантиметрди түзүш керек. Бул тууралуу Кундуз Бекбоева
Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көздүн чарчаганы сезилгенде сөзсүз 10-20 секундага терезени карап, көздү эс алдырып туруу абдан маанилүү.
"Барган сайын дүйнө жүзүндөгү адамдардын көрүүсү начарлап бара жатат. Буга технологиянын өнүккөн заманын шылтоо кылганыбыз менен көрүүнү сактап калуу ар бир адамдын өзүнүн колунда. Болгону жөнөкөй эрежелерди сактоо жетиштүү. Азыркы кезде технологиядан кийин эле көздүн көрүүсүн начарлатып жаткан көйгөй болуп айымдардын жасалма кирпик коштурганы саналат. Ар кандай клейлерди колдонуп көзүнө зыян келтирүүдө. Көз дарыгери катары бардык аялзатын табигыйлыкка чакырып кетким келет. Мындан сырткары, көрүүнүн начарлашына тез татым да себеп болууда. Туура тамактануу бул жерде да абдан маанилүү. Ошондой эле китеп окуп жатканда көз менен китептин аралыгы 30 сантиметр болууга тийиш", — деди дарыгер.
Ал ошондой эле кечке эле бир түстү карай берүү да көздү чарчата турганын кошумчалады.