https://sputnik.kg/20230318/tramp-sheyshembide-kamakka-alynaryn-aytty-1073706123.html
Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, элди акцияга чыгууга чакырды
Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, элди акцияга чыгууга чакырды
Sputnik Кыргызстан
Штаттардын мурдагы жетекчиси америкалык кыял аткарылбастыгын, ал эми солчул анархисттер "президенттик шайлоону" уурдап алышканын билдирди. 18.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-18T22:33+0600
2023-03-18T22:33+0600
2023-03-18T22:33+0600
дүйнөдө
акш
дональд трамп
сот
прокурор
камоо
нааразычылык акциясы
акча
төлөө
https://sputnik.kg/img/07e7/03/12/1073704731_0:0:3073:1730_1920x0_80_0_0_519372857b62ad433b8128e66ad60ee9.jpg
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, америкалыктарды өлкөнү кайтарып алыш үчүн нааразылык акциясына чыгууга чакырды.Truth Social кызматындагы текстте Манхэттендин коррупциялашкан жана саясатташкан аймактык прокуратурасы башка прокурорлордун эски жана толугу менен жокко чыгарылган жомогунун негизинде камакка алышы мүмкүн экенин айткан.Ал америкалык кыял өчкөнүн, ал эми өлкө "үчүнчү дүйнөдө калып өлүп бара жаткандыгын" жар салган."Солчул анархисттер президенттик шайлоону уурдап, анын менен кошо биздин өлкөнүн жүрөгүн ала кетишти. Америкалык патриотторду камап, эркинин сырткары жаныбар сымал кармап турушат, бул арада баш кесерлер менен кылмышкерлер көчө таптап, эч кандай себепсиз өлтүрүүгө жана өрттөөгө жол берип жатышат. Миллиондогон кишилер, анан ичинен арбыны түрмө менен психиатриялык ооруканалардан биздин ачык чек арага агылды. Кылмыштуулук менен инфляция жашоо образыбызды бузуп бара жатат", — деп айтылган анын кайрылуусунда.Америкалык ЖМКларга Трампка бир нече жыл мурда порноактриса Сторми Дэниэлске алардын мамилеси туурасында коомчулукка айтпашы үчүн акча төлөп берген деген айып тагылып жатканы жазылган.Телеканалдын маалыматына таянсак, күч органдары сот процесси өтүп жаткан Нью-Йорктун борборундагы башаламандыкка даярдык көрүп баштады.
https://sputnik.kg/20230314/tramp-aksh-rezhim-almashtyruu-1073575411.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/03/12/1073704731_303:0:3032:2047_1920x0_80_0_0_8ea6b76267f025feb9687b967ba7ac98.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, дональд трамп, сот, прокурор, камоо, нааразычылык акциясы, акча, төлөө
дүйнөдө, акш, дональд трамп, сот, прокурор, камоо, нааразычылык акциясы, акча, төлөө
Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, элди акцияга чыгууга чакырды
Штаттардын мурдагы жетекчиси америкалык кыял аткарылбастыгын, ал эми солчул анархисттер "президенттик шайлоону" уурдап алышканын билдирди.
БИШКЕК, 18-мар. — Sputnik. АКШнын мурдагы президенти Дональд Трамп шейшемби күнү камакка алынарын айтып, америкалыктарды өлкөнү кайтарып алыш үчүн нааразылык акциясына чыгууга чакырды.
Truth Social кызматындагы текстте Манхэттендин коррупциялашкан жана саясатташкан аймактык прокуратурасы башка прокурорлордун эски жана толугу менен жокко чыгарылган жомогунун негизинде камакка алышы мүмкүн экенин айткан.
"Республикалык партиянын жетектөөчү лидери жана АКШнын мурдагы президенти келе жаткан аптада, шейшемби күнү камакка алынат. Нааразылыкка чыгып, биздин өлкөнү кайтарып алгыла!" — деп чакырык жасаган Трамп.
Ал америкалык кыял өчкөнүн, ал эми өлкө "үчүнчү дүйнөдө калып өлүп бара жаткандыгын" жар салган.
"Солчул анархисттер президенттик шайлоону уурдап, анын менен кошо биздин өлкөнүн жүрөгүн ала кетишти. Америкалык патриотторду камап, эркинин сырткары жаныбар сымал кармап турушат, бул арада баш кесерлер менен кылмышкерлер көчө таптап, эч кандай себепсиз өлтүрүүгө жана өрттөөгө жол берип жатышат. Миллиондогон кишилер, анан ичинен арбыны түрмө менен психиатриялык ооруканалардан биздин ачык чек арага агылды. Кылмыштуулук менен инфляция жашоо образыбызды бузуп бара жатат", — деп айтылган анын кайрылуусунда.
Америкалык ЖМКларга Трампка бир нече жыл мурда порноактриса Сторми Дэниэлске алардын мамилеси туурасында коомчулукка айтпашы үчүн акча төлөп берген деген айып тагылып жатканы жазылган.
Телеканалдын маалыматына таянсак, күч органдары сот процесси өтүп жаткан Нью-Йорктун борборундагы башаламандыкка даярдык көрүп баштады.
14 Жалган Куран 2023, 14:21