https://sputnik.kg/20230324/moskvada-bychaktashkan-kyrgyzstandyktar-biroo-kaza-boldu-1073841642.html
Москвада бычакташкан кыргызстандыктар: бир жигит каза болуп, төртөө кармалды
Москвада бычакташкан кыргызстандыктар: бир жигит каза болуп, төртөө кармалды
Sputnik Кыргызстан
Жаңжал учурунда бычак жеген дагы бир мекендеш ооруканада жатат. 24.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-24T11:11+0600
2023-03-24T11:11+0600
2023-03-24T11:12+0600
окуялар
кыргызстан
бычактоо
подмосковье
кылмыш
өлүм
кармоо
россия
сүрөт
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051312145_497:413:3072:1861_1920x0_80_0_0_d2f870d25bec0049120c9ae03b1a2fc2.jpg
Шпигельное названиеМосква облусунда Кыргызстандын эки жараны бычакталып, бирөө каза болду. Кылмышка шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.Окуя 22-мартта таңкы саат 04:10дор чамасында болуп, Россия ИИМинин Москва облусундагы Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция барганда Кыргызстандын эки жараны бычакталганы аныкталган. Алардын бири Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну К. уулу А. тез жардам келгенче каза болгон. Экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 19 жаштагы тургуну Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.Бул факт боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105 ("Киши өлтүрүү") жана 30-105-беренесинин ("Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.ИИМ мекендештерге кайрылып, чет өлкөдө иштеп жүргөндө өздөрүнүн кадыр-баркына доо кетирбөөгө чакырды. Мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттар коомчулугунун ишин жокко чыгарып жатканын белгиледи.
https://sputnik.kg/20230311/bishkek-rossiya-uyushkan-kylmyshtuu-top-video-1073514682.html
подмосковье
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/02/02/1051312145_718:315:2935:1978_1920x0_80_0_0_9ae76d124d4fd1b85400363c5f997b2a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
окуялар, кыргызстан, бычактоо, подмосковье, кылмыш, өлүм, кармоо, россия, сүрөт
окуялар, кыргызстан, бычактоо, подмосковье, кылмыш, өлүм, кармоо, россия, сүрөт
Москвада бычакташкан кыргызстандыктар: бир жигит каза болуп, төртөө кармалды
11:11 24.03.2023 (Жаңыртылды: 11:12 24.03.2023) Жаңжал учурунда бычак жеген дагы бир мекендеш ооруканада жатат.
Шпигельное названиеМосква облусунда Кыргызстандын эки жараны бычакталып, бирөө каза болду. Кылмышка шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 22-мартта таңкы саат 04:10дор чамасында болуп, Россия ИИМинин Москва облусундагы Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция барганда Кыргызстандын эки жараны бычакталганы аныкталган. Алардын бири Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну К. уулу А. тез жардам келгенче каза болгон. Экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 19 жаштагы тургуну Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.
"Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылган. Полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, төртөө кармалды. Шектүүлөр 20-21 жаштагылар, баары Кыргызстандын жарандары. Тинтүү учурунда пневматикалык тапанча жана бычак табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чыр-чатактын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105 ("Киши өлтүрүү") жана 30-105-беренесинин ("Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.
ИИМ мекендештерге кайрылып, чет өлкөдө иштеп жүргөндө өздөрүнүн кадыр-баркына доо кетирбөөгө чакырды. Мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттар коомчулугунун ишин жокко чыгарып жатканын белгиледи.
11 Жалган Куран 2023, 16:02