https://sputnik.kg/20230330/rossiya-natsisttik-ideologiyanyn-kaytyp-zhatkanyna-tynchsyzdanuuda-1074014784.html
РФ нацисттик идеологиянын кайтып жатканына тынчсызданганын БУУга билдирди
РФ нацисттик идеологиянын кайтып жатканына тынчсызданганын БУУга билдирди
Sputnik Кыргызстан
Сукачёва расизм, расага бөлүп басмырлоо, ксенофобия менен күрөшүү Россиянын укук коргоо жаатындагы иштеринин ана башында турарын белгилеген. 30.03.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-03-30T11:58+0600
2023-03-30T11:58+0600
2023-03-30T11:58+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
буу
нацизм
жандануу
резолюция
кооптуулук
тынчсыздануу
расизм
https://sputnik.kg/img/07e5/05/06/1052403532_0:0:2871:1615_1920x0_80_0_0_ceab94e2168a7f276cfd6952b26a92b7.jpg
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Дүйнөдөгү азыркы кырдаал нацисттик идеология менен күрөш жүргүзүү канчалык актуалдуу жана маанилүү экендигин көрсөтүп жатат, жагдай Россия үчүн да көз жаздымда калбаган маселе. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясында россиялык делегациянын төрайымы Кристина Сукачёва билдиргенин РИА Новости жазды.Сукачёва расизм, расага бөлүп басмырлоо, ксенофобия жана ага байланышуу адам көтөрө алгыс нерселер менен күрөшүү Россиянын укук коргоо жаатындагы иштеринин ана башында турарын белгилеген."Ал күндөн бери дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө күбө болдук, бирок расалык басмырлоо жана ага байланыштуу адам чыдабай турган нерселер эч жакка жок болуп кеткен жок. Бул көйгөй бир катар мамлекеттердин алардын бетине чиркөө болгон колониалдык тарыхына тамырлап калган", — деген дипломат.Ал эл аралык коомчулуктун бул тарыхый адилетсиздикти оңдоо аракетинен "азыркыга чейин майнап чыкпагандыгына" кейигенин айткан.Буга чейин РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Россия Европа өлкөлөрү нацизмдин кучагында калып баратканын белгилеген.2022-жылдын ноябрында БУУнун Генералдык Ассамблеясы "Нацизмди баатырдык катары көрсөтүү, неонацизм жана анын расизмдин азыркы формасын эскалация кылуусу, расалык басмырлоого алып келиши, ксенофобия жана анын адам чыдабай турган түрлөрү менен күрөшүү" боюнча резолюция долбоорун кабыл алган. Ага жыл сайын добуш берилет. Быйыл 106 мамлекет добуш берген, анын ичинде Израиль да бар. Бирок колдобой тургандардын катарында АКШ, Украина (соңку жылдардай болуп) эле эмес, бул жылы Германия, Британия, Франция, Япония, Италия, Грузия да кошулду. Андан сырткары, Балтика боюндагы өлкөлөр, Венгрия да болду. Каршы добушун бергендер өздөрүнүн позициясын Россия неонацизмге каршы күрөш темасын Украинадагы атайын операциясында колдонуп жатат деген нерселерди бетке кармап, коргоого аракет кылышкан.
https://sputnik.kg/20220815/putin-neonatsizm-menen-rasizm-tuuraluu-1066795607.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/06/1052403532_0:0:2731:2048_1920x0_80_0_0_96c6da349acdc4520d7d52c99d4f7438.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, буу, нацизм, жандануу, резолюция, кооптуулук, тынчсыздануу, расизм
дүйнөдө, россия, буу, нацизм, жандануу, резолюция, кооптуулук, тынчсыздануу, расизм
РФ нацисттик идеологиянын кайтып жатканына тынчсызданганын БУУга билдирди
Сукачёва расизм, расага бөлүп басмырлоо, ксенофобия менен күрөшүү Россиянын укук коргоо жаатындагы иштеринин ана башында турарын белгилеген.
БИШКЕК, 30-мар. — Sputnik. Дүйнөдөгү азыркы кырдаал нацисттик идеология менен күрөш жүргүзүү канчалык актуалдуу жана маанилүү экендигин көрсөтүп жатат, жагдай Россия үчүн да көз жаздымда калбаган маселе. Бул тууралуу БУУнун Адам укуктары боюнча кеңешинин 52-сессиясында россиялык делегациянын төрайымы Кристина Сукачёва билдиргенин
РИА Новости жазды.
"Көп мамлекеттердин Улуу Ата мекендик согуштун жыйынтыгын объективдүү карап, БУУнун согуштун азаптарын кайталоонун, кылмыштуу идеологиянын жаралышын, нацизмди практикалоонун алдын алуу боюнча негиз салган принциптеринин маанилүүлүгүн түшүнгөнү кубантарлык көрүнүш. Азыркы кырдаал бул демилгенин Россия жана биздин пикирлештерибиз үчүн актуалдуулугун, маанилүүлүгүн ачык далилдеп турат", — деген ал.
Сукачёва расизм, расага бөлүп басмырлоо, ксенофобия жана ага байланышуу адам көтөрө алгыс нерселер менен күрөшүү Россиянын укук коргоо жаатындагы иштеринин ана башында турарын белгилеген.
"Ал күндөн бери дүйнөдөгү өзгөрүүлөргө күбө болдук, бирок расалык басмырлоо жана ага байланыштуу адам чыдабай турган нерселер эч жакка жок болуп кеткен жок. Бул көйгөй бир катар мамлекеттердин алардын бетине чиркөө болгон колониалдык тарыхына тамырлап калган", — деген дипломат.
Ал эл аралык коомчулуктун бул тарыхый адилетсиздикти оңдоо аракетинен "азыркыга чейин майнап чыкпагандыгына" кейигенин айткан.
Буга чейин РФтин ТИМ жетекчиси Сергей Лавров Россия Европа өлкөлөрү нацизмдин кучагында калып баратканын белгилеген.
2022-жылдын ноябрында БУУнун Генералдык Ассамблеясы "Нацизмди баатырдык катары көрсөтүү, неонацизм жана анын расизмдин азыркы формасын эскалация кылуусу, расалык басмырлоого алып келиши, ксенофобия жана анын адам чыдабай турган түрлөрү менен күрөшүү" боюнча резолюция долбоорун кабыл алган. Ага жыл сайын добуш берилет. Быйыл 106 мамлекет добуш берген, анын ичинде Израиль да бар. Бирок колдобой тургандардын катарында АКШ, Украина (соңку жылдардай болуп) эле эмес, бул жылы Германия, Британия, Франция, Япония, Италия, Грузия да кошулду. Андан сырткары, Балтика боюндагы өлкөлөр, Венгрия да болду. Каршы добушун бергендер өздөрүнүн позициясын Россия неонацизмге каршы күрөш темасын Украинадагы атайын операциясында колдонуп жатат деген нерселерди бетке кармап, коргоого аракет кылышкан.