https://sputnik.kg/20230413/toyboss-kolbasa-teksheruu-laboratoriya-1074406378.html
"Тойбосстун" колбасасын Бишкек менен Алматынын лабораториялары изилдеп жатат
"Тойбосстун" колбасасын Бишкек менен Алматынын лабораториялары изилдеп жатат
Sputnik Кыргызстан
Компаниянын жетекчиси эл аралык стандарттагы лабораторияларга текшертүүгө камынып жатканы айтылды. 13.04.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-04-13T13:56+0600
2023-04-13T13:56+0600
2023-04-13T13:57+0600
кыргызстан
колбаса
чочко
лаборатория
айыл чарба жана мелиорация министрлиги
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0d/1074406206_0:322:3067:2047_1920x0_80_0_0_18879f615434cbb84bda037d39efea41.jpg
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Тойбосс" компаниясынын продукциясынын өзүнөн жана кошулмаларынан 10 үлгү алынып изилдөөгө жөнөтүлдү. Бул туурасында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.Бирок ал жыйынтыгы качан чыгары туурасында айткан жок.Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев компаниянын жетекчиси принципке туруп бүт жерге, Алматыга, Москвага жана башка эл аралык стандарттагы лабораторияларга текшерүүгө берем деп жатканын айтты.Белгилей кетсек, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын билдирген. Бирок аны өндүргөн "Тойбосс" компаниясы маалыматты четке кагып келет.
https://sputnik.kg/20230405/kyrgyzstan-mal-eksport-import-1074147537.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/04/0d/1074406206_220:0:2949:2047_1920x0_80_0_0_ac545676bbfc39f4d4b60bb483cb3f0d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, колбаса, чочко, лаборатория, айыл чарба жана мелиорация министрлиги
кыргызстан, колбаса, чочко, лаборатория, айыл чарба жана мелиорация министрлиги
"Тойбосстун" колбасасын Бишкек менен Алматынын лабораториялары изилдеп жатат
13:56 13.04.2023 (Жаңыртылды: 13:57 13.04.2023) Компаниянын жетекчиси эл аралык стандарттагы лабораторияларга текшертүүгө камынып жатканы айтылды.
БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. "Тойбосс" компаниясынын продукциясынын өзүнөн жана кошулмаларынан 10 үлгү алынып изилдөөгө жөнөтүлдү. Бул туурасында айыл чарба министри Аскарбек Жаныбеков парламентте билдирди.
"Азыр биздин республикалык лабораторияда текшерилип жатат. Ошондой эле Алматыга да үлгүлөр жөнөтүлдү. "Тойбосс" боюнча керектүү иштин баарын алып барып жатабыз", — деди министр.
Бирок ал жыйынтыгы качан чыгары туурасында айткан жок.
Ал эми министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев компаниянын жетекчиси принципке туруп бүт жерге, Алматыга, Москвага жана башка эл аралык стандарттагы лабораторияларга текшерүүгө берем деп жатканын айтты.
"Тойбосс" маселеси боюнча маалымат жума күнү кечинде чыгып жатат, ишемби, жекшемби күндөрү эч ким иштебейт экен. Анан окуя тереңдеп кетти. Биз жетекчиси менен чогуу иштеп келе жатабыз", — деди Төрөбаев.
Белгилей кетсек, Россиянын ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматы (Россельхознадзор) Кыргызстандан экспорттолгон колбасанын курамында соя жана чочконун ДНКсы аныкталганын
билдирген. Бирок аны өндүргөн "Тойбосс" компаниясы маалыматты четке кагып келет.