Ысык-Көл облусунда курал-жарактардын жашыруун жайы табылды. Сүрөт
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды
![Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/04/16/1074655073_0:120:1280:840_1920x0_80_0_0_fa96ddcc4d32d563427f14aef72719bb.jpg)
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Жазылуу
Учурда кылмыш ишине тиешеси бар делген жарандар изделүүдө.
БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылганын билдирди.
© Фото / пресс-служба ГКНБ КРЫсык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды
![Схрон оружия и боеприпасов в горной местности Ак-Суйского района Схрон оружия и боеприпасов в горной местности Ак-Суйского района - Sputnik Кыргызстан, 1920, 22.04.2023](https://sputnik.kg/img/07e7/04/16/1074655095_0:0:1280:960_1920x0_80_0_0_3f5fa5e34083029430f9b464caff6d13.jpg)
Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунун тоолуу аймагынан курал-жарактардын жашыруун жайы табылды
© Фото / пресс-служба ГКНБ КР
Тизме:
бир даана Ф1 сактагычсыз гранатасы;
үч даана кол түтүн гранаталары;
бир бирдик ВОГ-17 снаряды;
бир даана сигналдык патрон;
үч даана белгисиз үлгүдөгү чабуулчу гранаталар;
бир бирдик 16-калибрдеги жылмакай мылтык;
төрт даана 7,62-калибрдеги патрондор.
Аталган факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда жогоруда аталган ок-дары жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө катышкан адамдарды аныктоо иш-чаралары жүрүүдө.