00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:00
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стоп-кадр
“Чоочун киши” сериалынын 2-сезону көрүүчүлөрдү эмнеси менен таң калдырат?
15:08
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Между строк
Холден Колфилд: герой нашего времени или бунтарь без причины?
18:06
49 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Айып пул көбөйсө да жолдогу кырдаал оңолгон жок. ИИМ нааразы болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкектин көчөсүндө автоунаалар. Архив
Бишкектин көчөсүндө автоунаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.04.2023
Жазылуу
Жол инспекторлору арасында жоопкерчиликти күчөтүү үчүн бир нече тапшырмалар берилди.
БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. ИИМ башчысынын орун басары Адыл Бийбосунов ички иштер органдарынын үч айлык ишинин жыйынтыгы боюнча коллегияда жол коопсуздугун сактоо багытындагы ишмердүүлүктү сынга алды. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Ал жакында эле 30 кызматкер кызматтан бошотулганын, бир нечеси ээлеген кызматтарынан төмөндөтүлүп жана ар түрдүү тартиптик жаза берилгенин белгиледи. Ошого карабай кызматкерлер арасында мыйзам бузуулар токтобой жатканын айткан.
"Алдын алуу боюнча түзүлгөн шарттардан улам жол кырсыктарынын саны азайышы керек болчу, бирок былтыркыга салыштырмалуу көп катталып, калган көрсөткүчтөр деле азайган эмес. Жол эрежелерин бузгандарга жоопкерчиликти күчөтүү багытында 20дан ашык берене катаалдаштырылган. Бирок ошого карабастан бул багытта кемчиликтер бар экендиги айныксыз", — деди Бийбосунов.
ИИМ башчысынын орун басары качан гана адамдар каза болуп, чуу жараткан жол кырсыктарынан кийин гана аракет кылбастан, ар ким өзүнө тиешелүү аймактарда кырсыктарга бөгөт коюу иштерин жүргүзүүгө тапшырма берген.
Башка дагы тапшырмалары:
жол кырсыгы катталып, жарандар каза болсо биринчи кезекте ошол аймакка жооптуу болуп бекитилген кызматкерлерге карата катуу чаралар көрүлсүн;
жаңы кабыл алынган беренелер боюнча айдоочуларга түшүндүрбөй туруп айып жазып, элдин нааразычылыгын жаратпай, биринчи кезекте элге туура жеткирүү иштери колго алынсын;
эч ким жоопкерчиликтен качпашы керек. Жергиликтүү жетекчилер "жол коопсуздугу биздики эмес" деп, инспекторлор аларга баш ийбейбиз деп отуруп, аягында жолдогу профилактика иштерине эч ким жооп бербей калган. Мындан ары башкача тартип менен иш жүргүзүлөт;
райондук, шаардык, облустук аймактардагы жол кыймылы коопсуздугу бөлүктөрүнүн жетекчилери, жер-жердеги жетекчилерге түздөн-түз баш ийип, иштөөгө милдеттүү;
ИИМдин ЖККБББсы тез арада "Коопсуз жол" программасын иштеп чыгып ишке киргизүүнү колго алууга тийиш. Программанын ичинде жол тилкелеринен баштап, жол коопсуздугун камсыздаган кызматкерлерге чейин аткара турган милдеттери, жоопкерчиликтери көрсөтүлүшү керек.
Патрулдук милициянын кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2023
Патрулдук милицияга жаңы кызматкерлер керек. Талаптар
Жаңылыктар түрмөгү
0