https://sputnik.kg/20230508/kyrgyzstan-rossiya-kyzmattashtyk-ehlchi-zhenish-majramy-kuttuktoo-1075109426.html
Удовиченко: кыргызстандыктардын Ата мекендик согуш тарыхына аяр мамилесин баалайбыз
Удовиченко: кыргызстандыктардын Ата мекендик согуш тарыхына аяр мамилесин баалайбыз
Sputnik Кыргызстан
Ал Улуу Ата мекендик согуш жылдары Кызыл Армиянын катарына ар бир төртүнчү кыргызстандык жөнөтүлгөнүн белгилеп, көбү өз ыктыяры менен барганын айтты. 08.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-08T11:31+0600
2023-05-08T11:31+0600
2023-05-08T11:32+0600
кыргызстан
россия
кызматташтык
элчи
жеңиш майрамы
куттуктоо
николай удовиченко
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0a/1052443302_0:108:3072:1836_1920x0_80_0_0_d95295a1129a6c77266d2b62489da90a.jpg
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.Ал Улуу Ата мекендик согуш жылдары Кызыл Армиянын катарына ар бир төртүнчү кыргызстандык жөнөтүлгөнүн белгилеген. Жалпысынан Кыргызстандан согушка 363 миң адам барган болсо, анын көбү өз ыктыяры менен кеткен. Элчи Советтик Кыргызстанга 300 миңден ашуун адам эвакуацияланганын кошумчалады."9-майда Бишкекте "Жеңиш" аянттагы Өчпөс отко гүл коюу салтанаты өтөт. Борбор калаада, Кант, Каракол, Кара-Балта, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана башка калктуу аймактарда каалоочулар бүткүл улуттук "Өлбөс полк" акциясына кошула алат. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтеринин алдында эскерүү иш-чаралары өтөт", — деди ал.
https://sputnik.kg/20230507/bishkektegi-ehskeruu-otu-akciyasy-1075096653.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/05/0a/1052443302_330:104:2922:2048_1920x0_80_0_0_5e5aff4dd3f8a7d357bdc56bb6e9ae7c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, кызматташтык, элчи, жеңиш майрамы, куттуктоо, николай удовиченко
кыргызстан, россия, кызматташтык, элчи, жеңиш майрамы, куттуктоо, николай удовиченко
Удовиченко: кыргызстандыктардын Ата мекендик согуш тарыхына аяр мамилесин баалайбыз
11:31 08.05.2023 (Жаңыртылды: 11:32 08.05.2023) Ал Улуу Ата мекендик согуш жылдары Кызыл Армиянын катарына ар бир төртүнчү кыргызстандык жөнөтүлгөнүн белгилеп, көбү өз ыктыяры менен барганын айтты.
БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Россиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Николай Удовиченко кыргызстандыктарды Улуу Жеңиш майрамы менен куттуктады.
"Урматтуу ардагерлер, кымбаттуу достор! Сиздерди баарыбыз үчүн ыйык болгон Жеңиш күнү менен куттуктайм. 1945-жылы фашисттерди жеңүү – бүткүл дүйнөлүк тарыхый маанидеги окуя. Фашисттик агрессиянын бүт кыйынчылыгын баштан өткөргөн ата-бабаларыбыздын акыйкаттык үчүн күрөшүүдөгү салтанаттуу жеңиши. Бүгүн Россия, Кыргызстан жана башка өлкөлөр душмандарды жеңүүдөгү СССРдин жалпы салымы тууралуу кеп кылат. Мындай жеңиш элдин фронтто да, тылда да биримдикте эрдик көрсөткөндүктөн келгени белгилүү. Биз кыргызстандыктардын жалпы тарыхка аяр мамиле жасагандыгын жогору баалайбыз, ата-бабаларыбыздын немец баскынчылары менен кармаштагы эрдигине жана чыдамкайлуулугуна таазим этебиз", — деди Удовиченко.
Ал Улуу Ата мекендик согуш жылдары Кызыл Армиянын катарына ар бир төртүнчү кыргызстандык жөнөтүлгөнүн белгилеген. Жалпысынан Кыргызстандан согушка 363 миң адам барган болсо, анын көбү өз ыктыяры менен кеткен. Элчи Советтик Кыргызстанга 300 миңден ашуун адам эвакуацияланганын кошумчалады.
"9-майда Бишкекте "Жеңиш" аянттагы Өчпөс отко гүл коюу салтанаты өтөт. Борбор калаада, Кант, Каракол, Кара-Балта, Талас, Нарын, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана башка калктуу аймактарда каалоочулар бүткүл улуттук "Өлбөс полк" акциясына кошула алат. Ошондой эле өлкөнүн бардык аймактарында Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларынын эстеликтеринин алдында эскерүү иш-чаралары өтөт", — деди ал.