https://sputnik.kg/20230516/sadyr-zhaparov-karyzdy-azyr-tolop-salsa-bolboyt-1075357770.html
Садыр Жапаров карыздан эмнеге азыр кутулуп салса болбой турганын айтты
Садыр Жапаров карыздан эмнеге азыр кутулуп салса болбой турганын айтты
Sputnik Кыргызстан
Мамлекет башчы тышкы карызды улам көтөрүп, дүрбөлөң түшүп, талкуулабай эле коюуга чакырды. 16.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-16T16:26+0600
2023-05-16T16:26+0600
2023-05-16T16:28+0600
саясат
садыр жапаров
тышкы карыз
талкуу
төлөө
кыргызстан
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066955003_0:161:3067:1886_1920x0_80_0_0_61507a1bc161b4b925915d56e060c1f0.jpg
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өлкө карызын мөөнөтүнөн мурда жаап салуу Кыргызстанга пайдасыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.Анын айтымында, 31-мартка карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү. Анын баарын төлөп салууга бийликтин кудурети жетет.Ошондой эле ал ички дүң продукциянын өсүү темпи былтыр 7 пайызды түзүп, жакшы көрсөткүчкө жеткенин айтты. Андыктан элди карыз маселесинен тынчсызданбоого чакырды."Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан тышкы карызды улам көтөрүп, дүрбөлөң түшүп, талкуулабай эле койсоңуздар болот", — деди мамлекет башчы.Белгилей кетсек, буга чейин депутат Балбак Түлөбаев президент кааласа Улуттук банкта сакталып турган алтын менен Кытайдын алдындагы карызды азыр да төлөп коё аларын билдирген. Кеп 1 миллиард 800 миллион доллар туурасында жүргөн.
https://sputnik.kg/20230505/kyrgyzstan-ichki-mamlekettik-karyzy-rekord-1075025314.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/08/13/1066955003_169:0:2898:2047_1920x0_80_0_0_6c75e134727f70258d1a1992065c4fc0.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
саясат, садыр жапаров, тышкы карыз, талкуу, төлөө, кыргызстан
саясат, садыр жапаров, тышкы карыз, талкуу, төлөө, кыргызстан
Садыр Жапаров карыздан эмнеге азыр кутулуп салса болбой турганын айтты
16:26 16.05.2023 (Жаңыртылды: 16:28 16.05.2023) Мамлекет башчы тышкы карызды улам көтөрүп, дүрбөлөң түшүп, талкуулабай эле коюуга чакырды.
БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Өлкө карызын мөөнөтүнөн мурда жаап салуу Кыргызстанга пайдасыз. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров "Кабар" улуттук агенттигине берген маегинде билдирди.
Анын айтымында, 31-мартка карата мамлекеттин тышкы карызы 4,5 миллиард долларды түздү. Анын баарын төлөп салууга бийликтин кудурети жетет.
"Бирок тышкы карыздын дээрлик бардыгы 20 жылдан 40 жылга чейин жеңилдетилген, пайыздык чендери 0,75тен 2 пайызга чейинки кредиттер болуп саналат. Аны алып жатканда мөөнөтүнөн мурда төлөй турган болсок, белгиленген сумманын үстүнө дагы кошумча пайыз төлөө милдеттемелери коюлуптур. Ошондуктан карызды мөөнөтүнөн мурда жаап салуу бизге пайдасыз. Азыр өз убагынан бир мүнөт дагы кечиктирбей төлөп жатабыз, ага толук шартыбыз дагы бар. Корко турган эч нерсе жок. Бүгүнкү күндө буга чейинки алынган ички жана тышкы карыздын эң көп бөлүгүн төлөп баштадык", — деди Жапаров.
Ошондой эле ал ички дүң продукциянын өсүү темпи былтыр 7 пайызды түзүп, жакшы көрсөткүчкө жеткенин айтты. Андыктан элди карыз маселесинен тынчсызданбоого чакырды.
"Үч жыл мурда эле карызды кантип төлөйбүз, кайдан акча табабыз деген коркунуч болсо, азыр бул маселе бизди ойлондурбайт дагы. Андыктан тышкы карызды улам көтөрүп, дүрбөлөң түшүп, талкуулабай эле койсоңуздар болот", — деди мамлекет башчы.
Белгилей кетсек, буга чейин депутат Балбак Түлөбаев президент кааласа Улуттук банкта сакталып турган алтын менен Кытайдын алдындагы карызды
азыр да төлөп коё аларын билдирген. Кеп 1 миллиард 800 миллион доллар туурасында жүргөн.