https://sputnik.kg/20230522/aksh-defolttun-bosogosunda-turat-1075530014.html
Карыз көйгөйү. АКШнын финансы министри өлкө июндун ортосуна "жетпей каларын" айтты
Карыз көйгөйү. АКШнын финансы министри өлкө июндун ортосуна "жетпей каларын" айтты
Sputnik Кыргызстан
Андыктан өкмөт биринчи июнга чейин кырдаалдан чыга турган жол табышы керек. 22.05.2023, Sputnik Кыргызстан
2023-05-22T10:04+0600
2023-05-22T10:04+0600
2023-05-22T10:04+0600
дүйнөдө
акш
мамлекеттик карыз
кризис
https://sputnik.kg/img/07e7/05/16/1075528857_0:74:3072:1802_1920x0_80_0_0_ae9386a011986e5f0df06695805bbb9f.jpg
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эгерде Америка бийлиги мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу боюнча маселени чечпесе, АКШ төлөмдөрүн эң көп дегенде июндун аягына чейин гана төгө алат. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Жаннет Йеллен NBC телеканалынын эфиринде айтканын РИА Новости жазды.Андыктан өкмөт биринчи июнга кризистик кырдаалдан чыга турган жол табышы керек. Йеллендин айтымында, бул өтө эле чукул мөөнөт болуп калды.Аткаминер 15-июндан кийин "олуттуу" салык төлөмдөрү күтүп жаткандыгын, бирок АКШда бул мөөнөткө чейин жеткенге мүмкүнчүлүктүн болушу күмөн экенин айткан.Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат.Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген.
https://sputnik.kg/20230516/akshnyn-aylasyn-ketire-turgan-masele-defolt-emes-bashka-1075348145.html
акш
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2023
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e7/05/16/1075528857_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_89a358d949dda1b6796bf4fd6fd6ecea.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, акш, мамлекеттик карыз, кризис
дүйнөдө, акш, мамлекеттик карыз, кризис
Карыз көйгөйү. АКШнын финансы министри өлкө июндун ортосуна "жетпей каларын" айтты
Андыктан өкмөт биринчи июнга чейин кырдаалдан чыга турган жол табышы керек.
БИШКЕК, 22-май — Sputnik. Эгерде Америка бийлиги мамлекеттик карыздын чегин жогорулатуу боюнча маселени чечпесе, АКШ төлөмдөрүн эң көп дегенде июндун аягына чейин гана төгө алат. Бул тууралуу АКШнын финансы министри Жаннет Йеллен NBC телеканалынын эфиринде айтканын
РИА Новости жазды.
"Менин баам мындай: 15-июнга чейин жетсек болот, бардык эсептерибизди төлөө мүмкүнчүлүгүбүз төмөн", — деген ал.
Андыктан өкмөт биринчи июнга кризистик кырдаалдан чыга турган жол табышы керек. Йеллендин айтымында, бул өтө эле чукул мөөнөт болуп калды.
Аткаминер 15-июндан кийин "олуттуу" салык төлөмдөрү күтүп жаткандыгын, бирок АКШда бул мөөнөткө чейин жеткенге мүмкүнчүлүктүн болушу күмөн экенин айткан.
Эскерте кетсек, АКШнын финансы министри Конгресске январь айында мамлекеттик карыздын чегинин 31,381 триллион долларга жеткенине байланыштуу "өзгөчө чаралардын" башталышы жөнүндө коңгуроо каккан.
Ак үй Конгресстен чекти өйдөлөтүүнү талап кылууда, ал эми республикачылардын оппозициясы көзөмөлдөгөн Эл өкүлдөр палатасы бул кадамды бюджетти кыскартууга байлап жатат.
Ал арада финансы министри Жанет Йеллен Конгресс карыз алуунун чегин кеңейтип бербесе АКШ 1-июндан тарта мамлекеттик карызын толугу менен тейлөөгө алы келбей калышы мүмкүн экенин билдирген.